Садык Шер-Нияз: Премьердин отчетунда маданият тууралуу алты эле сап жазылыптыр

Депутат Садык Шер-Нияз өкмөттүн отчетунда маданият тармагы тууралуу алты эле сап жазылганын жана тармакка такыр көңүл бурулбаганын сындады.

-Англиянын алтын доору деп аталган убакта, королева Елизавета Iнин, эң биринчи эмгеги катары Шекспир, Марлон же Бэкон чыккан деп айтышат тарыхта.

Мына, 5-6 президент, 25-30 премьер-министр, 2-3 миңге жакын депутат болду, кимиси канчалык тарыхта калып жатат?

Эмне үчүн сыртка барганда биз маданияттагы инсандардын этегине жабышып жүрөбүз? Эмне үчүн башка жакка барганда ошолор менен сыймыктанабыз, ойлонуп көрөлү?

Кыргызстанды Кыргызстан кылып сактай турган өзөгү — жери, тили жана маданияты, урматтуу кесиптештер, урматтуу өкмөт.

Биз кеткенде Чыңгыз Айтматовдой, Мукай Элебаевдей, Төлөгөн Касымбековдой, Таттыбүбү Турсунбаевадай, Төлөмүш Океевдей, Болот Шамшиевдей кимдин атын атай алабыз? Эркиндикте жашаганда, кимди чыгара алдык?

Бийликте, парламентте жүргөндө биз ушуларды өстүрдүк деп кимди айта алабыз эл аралык мааниде деп? Менин оюмча, эч кимдин атын атай албайбыз.

Биз 25 жылдан бери үч гана нерсени абдан жакшы аткарып келе жатабыз. Бул-президентти шайлоо, премьер-министрди шайлоо жана депутаттарды шайлоо.

Руханий багытта эмне кыла алдык?

… Жазуучуларга 15-20 млн карап коюш керек го.

“Айтыш” фондун көтөрүп жүргөндө биздин кошуналар, казактар, бир топ байлыгы, экономикасы алдыга кеткен, ошонун бир акыны менен Элмирбек Иманалиев айтышып жатканда, анын акыны минтип айтып жатат:

“Жерибизден атып чыгып мунайыбыз,

Берип жатыр бизге да кудайыбыз” деп ырдаса,

Элмирбек Иманалиев төрт сап менен жооп кайтарды:

“Талааны берген казакка,

Мунайга жакын болсун деп.

Тоону берген кыргызга,

Кудайга жакын болсун деп”.

Ушул төрт сап үчүн эле ал кишиге эстелик койсо болот. Анткени — эң биринчи элдин деми, элдин руху, элдин духу керек.

Өсөм деген мамлекет маданияттан, руханий инсандардан баштайт. Асыл сөздү, бийик ойду ойлойт. Ошондо мамлекет өсөт, күчүнө кирет., -деди депутат Садык Шер-Нияз.

13-майда, Жогорку Кеңеш жыйынында өкмөттүн 2019-жылдагы иш тууралуу отчету каралды. Көпчүлүк добуш менен отчет жактырылды, 96 депутат токтомго макул, бешөө каршы добуш берди.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты