Абылгазиев отчетту тапшырды. Шаштысы кеткенде сөгүнүп да алды

Жогорку Кеңеште өкмөт 2019-жылдын отчетун тапшырып, аны парламент көпчүлүк добуш менен жактырды. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев суроолорго жооп издеп, шаштысы кеткенде сөгүнүп да жибергени угулду.

Депутат Альфия Самигулина социалдык саясат маселеси тууралуу суроо узатып, аялуу катмарлын маселеси чечилбей, бул багыттагы иште өкмөт өз милдетин аткара албай калганын айтып суроо узатты.

Премьер-министр суроого жооп издеп, кагаздарын караштырып жатты. Суроого жоопту Боронов да кагаздан издештирип жардамге келип жатты. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин шаштысы кетип “… урайын, каерде калды….” деп сөгүнүп алганы угулду.

Бүгүн, 13-майда, Жогорку Кеңеш жыйынында өкмөттүн 2019-жылдагы иши жөнүндө отчету каралды. Көпчүлүк добуш менен отчет жактырылды, 96 депутат токтомго макул, бешөө каршы добуш берди.


Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты