​Депутат Тиллаев: Кулунду деген жазууну тажиктер бузуп алып кирип кетти

Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев парламентте өкмөттүн өткөн жылдагы отчету каралып жатканда чек ара маселесин көтөрдү.

-Тажикстан менен чек араны делимитация жана демаркация маселеси бүткүчө жаап туруш керек. Биздин, Кыргызстандын жеринде Кулунду айыл өкмөтү деген жазуубузду тажиктер бузуп алып кирип кетишти, -деди Тиллаев.

8-майда кыргыз-тажик чек арасынын Чек аттуу жеринде ок жаңырган.

Жарадар болгондордунүчөө ооруканага жаткырылган.25 жаштагы чек ара кызматкерине операция жасалып, абалы оор болуп жаткандыгы айтылган. 24 жаштагы чек ара кызматкери жарадар болуп, абалы бир калыпта, орточо оор. 23 жаштагы жоокерге да ок тийип, абалы орточо оор.

Алар Баткенден Бишкекке, Улуттук госпиталга алынып келген.

Бүгүн, 13-майда, Жогорку Кеңеш жыйынында өкмөттүн 2019-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчету каралды. Көпчүлүк добуш менен отчет жактырылды, 96 депутат токтомго макул, бешөө каршы добуш берди.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты