​Мадеминов: Өкмөт жел киреше менен “кыйратып жатабыз” деп айтууда

Өкмөттүн 2019-жылдагы отчету каралып жатканда, 13-майда, депутат Мурадыл Мадеминов өкмөт баалуу кагаздарды чыгарып, жел кирешени көбөйтүп жатканын билдирди.

-Экспорт 1 млрд 965 млн доллар, импорт 4 млрд 900 млн. Бул начар көрсөткүчкө кирет. Бюджеттин чогуу алгандагы кирешеси 12 млрд.га өстү деп жатасыз.

Ал эми баалуу кагаздарды чыгаруу 2018-жылы 30 млрд 941 млн сом деп турат. 2019-жылга 51 млрд.294 млн деп жатат, 20 млрд сомго баалуу кагаз чыгарып жатасыздар.

Демек, желден алып, чогуу алгандагы кирешени көтөрүп, таңсыктыкты жаап, биз кыйраттык” деген отчет болуп жатат.

Бүгүн, 13-майда, Жогорку Кеңеш жыйынында өкмөттүн 2019-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчету каралды. Көпчүлүк добуш менен отчет жактырылды, 96 депутат токтомго макул, бешөө каршы добуш берди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты