Депутат Акаев: Отчетто Саакашвилиден кийинки эле «реформатор» өкмөттөй сезилет

Бүгүн Жогорку Кеңеште өкмөттүн 2019-жыдагы отчету жактырылды. Анда депутат Жанарбек Акаев күч органдарына ишеним жок экенин, контрабанда күч алып жатканын, өкмөт ушул жактарга көңүл бурушу керектигин белгиледи.

Депутат Акаев буларга токтолду:

-Бишкектин тегерек-чети бензиндин контрабандасына толду. Күйүүчү-майлоочу майдын контрабандачылары жакында Ак үйгө бензин сатканы калды.

Эксперттердин айтымында, бир жылда 5 млрд сомдой күйүүчү-майлоочу май контрабандасынан бюджетке түшпөй жатат.

Сизге финполиция, монополияга каршы агенттик, салык кызматынын жетекчилерин, үч-төрт жетекчини кызматтан алыш керек деп сунуш берет элем. Чечкиндүү кадамга барганда, контрабанда токтойт.

Кийинки келген жетекчиге контрабанданы токтотуу талабын коюшуңуз керек.

Ошол эле Баткенде, булардын маалыматы боюнча төрт айда 22 факты катталыптыр. 22 факты күнүнө, түшкө чейин эле өтөт, булардын маалыматы жалган болуп жатпайбы.

Контрабанданы жойсоңуз. Бюджетти контрабанда менен күрөшүүдөн толтуруш керек.

Тилекке каршы, күч органдарына болгон ишеним жок, мисалы, бажы, финполиция, салык кызматы, прокуратура — ушул тармактарга элдин ишеними жок.

Отчетто биздин өкмөт Саакашвилиден кийинки эле реформатор өкмөттөй сезилет экен.

Сыртка чыкканда адилетсиздик, коррупция, паракордук дагы эле күчөп жатат,- деди депутат.

Бүгүн, 13-майда, Жогорку Кеңеш жыйынында өкмөттүн 2019-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчету каралды. Көпчүлүк добуш менен отчет жактырылды, 96 депутат токтомго макул, бешөө каршы добуш берди.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты