​Жогорку Кеңеш өкмөттүн жылдык отчетун кабыл алды

  • 4 года мурун

Бүгүн, 13-майда, Жогорку Кеңеш жыйынында өкмөттүн 2019-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчету каралды. Көпчүлүк добуш менен отчет жактырылды, 96 депутат токтомго макул, бешөө каршы добуш берди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылдагы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөргө жана 2020-жылдын пландарына токтолду.

Бир катар депутаттар өкмөттүн ишин сындашты. Депутат Мирлан Жеенчороев отчетто айтылгандарга Махатхир менен Ли Куань Ю суктана тургандай болгонун айтса, депутат Каныбек Иманалиев реалдуу өсүш пайызы алда канча төмөн экенин билдирди. Депутат Абдувахап Нурбаев бул бюджетти аткарбаган өкмөт болгонун сындады.

Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2019-жылдагы иши жөнүндө токтомду көпчүлүк добуш менен кабыл алды. 96 депутат «макул», беш депутат «каршы» деп добуш берди.

Жогорку Кеңеш депутаттары премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөттүн 2019-жылдагы отчетун жактырды.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты