Коронавирус жыныстык жол менен жугары далилдене элек

Профессор, доктор, мурдагы саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев Твиттердеги баракчасына Кытайдагы коронавирус илдетине чалдыккан эркектердин уругунда да вирус табылганын жазып чыккан. ПолитКлиника бул маалыматты текшерип көрдү.

Талантбек Батыралиев билдирүүсүндө РИА Новостинин макаласына шилтеме берген:

“JAMA Network Open медициналык журналында жарыяланган докладга ылайык, Кытайлык изилдөөчүлөр SARS-CoV-2 коронавирустун жаңы түрүн вирус жуктурган эркек кишилердин уруктарынан табышкан”, — деп айтылат билдирүүдө.

The Guardian онлайн басылмасы дагы JAMA Network Open журналына шилтеме берип жазган:

“COVID–19 илдетине чалдыккан эркектердин уругун сынаган кытай изилдөөчүлөрү азчылыктын уругунан жаңы коронавирус табышкан. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, бул изилдөө коронавирус жыныстык жол менен жугушу мүмкүн экенине жол ачты, бирок, бул изилдөө жарыялангандан кийин башка окумуштуулар аны сынга алышкан”, — деп жазган басылма.

Шилтемелерде көрсөтүлгөн JAMA Network Open журналынын маалыматына ылайык, изилдөө Кытайдын Шанцюнун шаардык ооруканасында Хельсинк декларациясына ылайык жасалган.

Изилдөөнүн методу

Бул когорттук изилдөө бейтаптардын изилдөөгө жазуу жүзүндө макулдугун бергенден кийин жана Хельсинки Декларациясына ылайык, Кытайдын Шанцю шаардык ооруканасынын этика боюнча комитетинин макулдугу менен жүргүзүлгөн.

Кытайдын Хэнань провинциясынын чыгышындагы Шанцю шаардык ооруканасында 2020-жылдын 26-январынан 2020-жылдын 16-февралына чейин коронавирус илдетине чалдыккан 15 жаштан жогору эркектер аныкталган. Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун көрсөтмөлөрүнө ылайык, COVID-19 лабораториялык тастыктоолору SARS-CoV-2 вирусун аныктаган. Катталган бейтаптардан SARS-CoV-2 сыноо үчүн урук үлгүсү алынган.

Изилдөөнүн жыйынтыгы

Аныкталган 50 бейтаптын 12си ар кандай себептерден улам (кома, каза болгон) үлгү бере алышкан эмес. Ошентип, анализге жалпысынан 38 пациент киргизилди. Үлгүсүн көрсөткөн 38 катышуучунун 23ү (60,5%) вирустан айыккан, ал эми 15 катышуучу (39,5%) инфекциянын курч баскычында турушкан. Урук тестинин жыйынтыгында алты бейтаптын уругунан (15,8%) SARS-CoV-2 оң натыйжаларын көрсөткөн, алардын төртөө оор абалдагылар, экөө айыккан бейтаптар.

Бул изилдөө кичинекей тандалма көлөмү жана кыска байкоо менен чектелген. Андыктан вирустун урукта изоляциясы, жашоосунун узактыгы жана концентрация жөнүндө кеңири маалымат алуу үчүн кошумча изилдөө жүргүзүү керек.

Жыйынтык: Изилдөөдө коронавирус илдетине чалдыккан эркектердин уругунда да вирус табылганы чын. Бирок, вирус жыныстык жол менен жугары далилдене элек.

ПолитКлиника медиа

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты