​Үсөнбаев: ПЧР-тест сатып алуу улантылат

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Кыргызстан коронавирусту аныктоо боюнча ПЧР-тест сатып алууну улантаарын билдирди.

Азыркы тапта Кыргызстан Беларустан 150 миң ПЧР-тест сатып алууну көздөп жатат. Анын айтымында, бул сумма көп сыяктуу туюлат. Бирок лабораториялык тестирлөөнүн көбөйгөндүгүнө байланыштуу, ПЧР- тест сатып алуу улантылат.

Кытай Кыргызстанга 100 миң ПЧР-тестти гуманитардык жардам катары берди. Биринчи ПЧР — тест Россия траабынан берилген. Түркиядан да көп эмес өлчөмдө келген.

COVID-19 сыркоолор менен 4 613 байланышта болгон.

Кыргызстан боюнча обсервацияда 1555 киши жатат.

Акыркы сутка ичинде коронавирусту аныктоо үчүн 1 421 изилдөө жүргүзүлгөн, анын ичинде 7 кишиде инфекция аныкталган. Коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 1044 кө жетти.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты