​Депутат Сулайманов: “Өкмөттүн ишинен олуттуу жыйынтык болбой келет ”

  • 4 года мурун

“Эки жыл аралыгында Өкмөт тарабынан эч кандай алгылыктуу сунуштар болгон жок” деди депутат Алтынбек Сулайманов, бүгүн 12-майда, өкмөттүн 2019-жылга отчётун тармактык комитетте угуу учурунда.

Парламентте конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин жыйынында өкмөттүн өткөн жылдагы отчету талкууланды.

“Өкмөт мамлекеттин үлүшү менен ишканаларды ачууда. Алардын көпчүлүгү дотацияда турат. Өлкөнү өнүктүрүү программасы жок, республикалык бюджетти экономиканы өстүрүүгө багытталган эмес. Кыргызстан тарыхындагы бир жылдан ашык кызматта олтурган үчүнчү премьер-министрсиз. Эки жылдан ашык убакыттан бери иштеп жатканыңызга карабай, ишиңиздин олуттуу жыйынтыгы болбой келет» деди депутат Сулайманов.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты