​Май айында миңден ашык кыргызстандыкты алып келүү каралууда

Тышкы иштер министрлиги май айында төмөнкү өлкөлөрдөн 1000 ден ашуун кыргызстандыкты Мекенге алып келүүнү белгилеп жатат:

Катардан– 36;

Кувейттен – 105;

Иран – 16;

Франкфурт-на-Майне шаарынан – 58;

Стамбул – 349;

Москва – 402;

Корея – 35;

Япония – 30;

Беларустан — 37 кыргызстандыкты алып келүү пландалууда.

Өзгөчө кырдаал киргизилген учурдан тартып 23 өлкөсүнөн авиация жана автотранспорт аркылуу 9196 мекендешибиз кайтып келген.

Анын айтымында, соңку 12 күн ичинде Кыргызстанга чет мамлекеттерден 995 жаран кайтып келди.

Бул тууралуу тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков билдирди.

-Бүгүнкү күндө чек аралардын жабылышынан улам биз кыргызстандыктарды мекенине кайтарып алуу боюнча жолдорду издеп жатабыз, — деп билдирди тышкы иштер министри.

Анын айтымында, дүйнөнүн 58 өлкөсүнөн чет өлкөдөгү мекемелерге мекенине кайтууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен 8 миң 712 КР жараны кайрылган.

Сүрөт: Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты