​“Фрунзе” гипермаркет кызматкеринен коронавирус табылды

  • 4 года мурун

“Вефа” соода борборундагы “Фрунзе” гипермаркетинин бир кызматкеринен коронавирус аныкталды.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

—Соода борборунун кызматкери өзү кайрылып, лабораторияга анализ тапшырганда, анда коронавирус тастыкталды. Ал дарыланып жатат.

Соода борборунун бардык кызматкерлерине көзөмөл уюштурулду, — деди ал.

Кыргызстанда 12-майдагы маалымат боюнча, COVID -19 инфекциясы 21 кишиден аныкталып, жалпы саны 1037 болду. 21 киши ооруканадан айыгып чыкты. Айыккандардын бардыгы 709 кишини түздү. 12 киши каза тапты.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты