Үсөнбаев: «Коронавирус жуккандардын 72,8 пайызында дарт жеңил, симптомдору жок өтүүдө”
- 4 года мурун
- Баяндар
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев азыркы таптагы эпидемиологиялык абал тууралуу буларды билдирди.
— Инфекция жугузгандардын көпчүлүгү — байланышта болгон учурлар. Анализ көрсөтүп тургандай, 60 жаштан улуу кишилер көп ооруйт, — деп билдирди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.
Бүгүнкү күндө коронавирустан жалпысынан 709 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул 79,5%ды түздү.
Ооругандардын арасында: оор абалда жаткандар – 2,8%, орточо оор абалда – 24,4% жаткандар жана 72,8%ында илдет жеңил, симптомдору жок өтүп жатат, -деп билдирди саламаттык. сактоо минситринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.
Анын айтымында, COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 4 594.
Республика боюнса стационарда 316, обсервацияда 1109 адам жатат.
Кыргызстанда 12-майдагы маалымат боюнча, COVID -19 инфекциясы 21 кишиден аныкталып, жалпы саны 1037 болду. 21 киши ооруканадан айыгып чыкты. Айыккандардын бардыгы 709 кишини түздү.
Сүрөттө: Нурболот Үсөнбаев