Нарындагы төрөт үйүнүн алты медициналык кызматкеринен коронавирус тастыкталды

  • 4 года мурун

12-майга карата бир сутка ичинде Нарын облусунда 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Алар — төрөт үйүнүн медициналык кызматкерлери.

Төрөт үйүндөгү медкызматкерлердин коронавируска чалдыккан себеби эият болбогондук, бейгамсыздык деп билдирди саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Ал эми стационардан 6 медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 241 учур катталды. 186 медкызматкер стационардан айыгып чыккан.

саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Кыргызстанда 12-майдагы маалымат боюнча, COVID -19 инфекциясы 21 кишиден аныкталып, жалпы саны 1037 болду.

Иллюстрациялык сүрөт. Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты