​Россияда бир суткада коронавирустан 55 бейтап каза тапты

  • 4 года мурун

Россияда 11-майдагы маалымат боюнча бир суткада коронавирустан 55 бейтап каза тапты.

Бул тууралуу РФ оперативдик штабы билдиргенин РИА Новости жазды.

Ал эми бир күн мурун 56 бейтап каза болгондугу маалымдалган.

Оперативдүү штаб жарандарды дарттын белгилери билингенде өз алдынча дарыланбай, дарыгерлерге кайрылууну өтүндү.

Акыркы маалыматтарга караганда дүйнөдө төрт миллиондон ашык киши коронавируска чалдыкты, 278 миңден ашык киши кайтыш болуп калды.

Россияда 221 344 киши коронавируска чалдыгып, 2009 бейтап каза тапты.

Акыркы суткада ал инфекцияга чалдыккан 11 656 учур катталды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты