Аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө чакыруу улантылат

  • 4 года мурун

Аскердик мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтан запаска бошотуу жана аскерге чакыруу жарлыгына кол коюлду.

2020-жылдын март-майында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө 18-февралдагы жарлыгынын колдонулушун кайрадан жаңыртуу тууралуу жарлыкка кол коюлду.

Президент кол койгон жарлыкка ылайык, запаска бошотуу жана жазгы аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө чакыруу улантылат.

Буга чейин коронавирус пандемиясына байланыштуу Президент Сооронбай Жээнбеков Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарына мөөнөттүү аскерге чакыруу жана аскерден запаска бошотууну токтото туруу жарлыгына кол койгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты