​9-11-класс бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик экзамен тапшыруу форматы өзгөртүлдү

  • 4 года мурун

Коронавирус пандемиясына байланыштуу 9-жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик экзамен тапшыруу форматы өзгөртүлдү.

Атайын түзүлгөн мамлекеттик комиссия окуучунун текшерүү, практикалык, лабораториялык иштеринин жыйынтыктарын жана чейректик, жарым жылдык, жылдык жетишүүсүн эске алуу менен жыйынтыктоочу экзамендик баа коюшат.

Окуучу же ата-энеси коюлган баага макул болбосо, апелляциялык комиссияга кайрыла алат.

Жалпы мамлекеттик аттестация 2-июндан 13-июнга чейин беш сабактан өтөт.

Мындай чечим, биринчи кезекте, окуучулардын коопсуздугу, саламаттыгы үчүн кабыл алды. Ошондой эле бүтүрүүчүлөрдө жалпы республикалык тестирлөөгө көбүрөөк убакыт бөлүп, жакшылап даярданууга мүмкүнчүлүк жаралгнадыгы менен түшүндүрүлөт.

Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

11-майдан тартып коменданттык саат жоюлду. Бирок Бишкек, Ошто, Ат-Башы районунда жана Чаткалдын Каныш-Кыя айылында карантин киргизилди. Республика боюнча өзгөчө кырдаал режими күчүндө калды.

11-майдан тартып республика боюнча өзгөчө кырдаал режими күчүндө калды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты