​Кайсы ишканалар азырынча иштебейт?

Массалык иш-чараларды өткөрүүгө жана төмөнкү ишмердүүлүккө убактылуу тыюу салынган:

-Калкты тейлөө борборлору;

-тиричилик тейлөө чөйрөлөрү (бут кийим оӊдоо, эмерек чогултуу жана оӊдоо);

-соода-сатык чөйрөсү (соода борборлору, кийич-кече базарлары жана дүкөндөрү, автоунаа базарлары);

-жеке репетитор кызматтары;

жеке үй-бүлөлүк мончолор жана СПА-борборлордун кызматтары;

комдук унаа;

спорт залдарында машыгуу.

Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү штабынан билдиришти.

11-майдан тартып коменданттык саат жоюлду. Бирок Бишкек, Ошто, Ат-Башы районунда жана Чаткалдын Каныш-Кыя айылында карантин киргизилди. Республика боюнча өзгөчө кырдаал режими күчүндө калды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты