Карантин жана санитардык эрежелерди сактабагандар үчүн кандай айыптар каралган?
- 4 года мурун
- Баяндар
Санкция салуу укугу дарыгерлерге, санитардык дарыгерлерге жана ички иштер органдарына ыйгарылды.
Карантин жана санитардык эрежелерди сактабагандар үчүн мындай айып каралган:
1.Өзгөчө кырдаал шарттарында укук тартибин бузуу – 5000 сомдон 17 000 сомго чейин айып пул;
2. Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди, санитардык эрежелерди, гигиеналык ченемдерди бузуу – 1000 сомдон 27 миң сомго чейин айып пул (категорияга жараша)
3. Ыйгарым укуктуу органдын чечимин же талаптарын аткаруудан баш тартуу тартибин бузуу – 3 миң сомдон 13 миң сомго чейин айып пул.
4. Өзгөчө кырдаалдар тартибинин талаптарын бузуу – 15 миң сомдон 60 миң сомго чейин айып пул, 2-категориядагы эркиндигин чектөө менен бир жылга чейин, коомдук иштерге 60 саатка чейин тартуу.
5 Карантин шартын сактабагандарга — 30 миң сомдон 60 миң сомго чейин айып пул.
11-майдан тартып коменданттык саат жоюлду. Бирок Бишкек, Ошто, Ат-Башы районунда жана Чаткалдын Каныш-Кыя айылында карантин киргизилди. Республика боюнча өзгөчө кырдаал режими күчүндө калды.
Сүрөт: Интернет булактарынан.