Кой-Таш окуясы боюнча кийинки сот отуруму 18-майда уланат

  • 4 года мурун

Бүгүн, 11-майда, Бишкек шаарынын Биринчи май районунда Кой-Таш окуясы боюнча сот процесси өттү.

Сот отуруму учурунда айыптоо тарабы Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин башка соттолуучулар менен бирге “темир тор” артында отурушун талап кылышты. Мурда Атамбаев сот отурумунда адвокаттардын катарында отурган.

Сот прокурордун талабын канааттандырды, эми 18-майда улана турган кийинки сот отурумунда ал талап ишке ашырылып, Атамбаев «темир торго» отургузулат.

Кой-Таш окуясы боюнча 14 киши кылмышка шектелип жатат. Дагы беш киши тергөө менен кызматташуу келишимин түзгөндөктөн, алардын иши өзүнчө өндүрөшкө алынган.

Алар мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Мээрбек Мискенбаев, Фархад Баабиев, Канат Осмоналиев, Рыспек Карыпбек уулу, Марат Шаменов, Нооруз Капарбек уулу, Асангелди Какебаев.

7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда УКМКнын бир кызматкери каза таап, бир топ укук коргоо органдарынын кызматкерлери жарат алган. Андан тышкары, 136 адам медициналык жардам алуу үчүн кайрылган.

Дагы беш киши тергөө менен кызматташуу келишим түзгөндүктөн, алардын иши өзүнчө өндүрүшкө алынды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты