​Чек арада жарат алган аскер жандандыруу бөлүмүндө жатат

  • 4 года мурун

Баткенде чек арада жарадар болгон аскер улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө которулду.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Аскердин абалы оор экени, бирок бир калыпта оор боюнча кармалып турганы маалымдалды.

Ал эми Баткенде чек арада жарадар болгон эки жарадар да аскер госпиталдык хирургия бөлүмүндө дарыланууда.

Кечээ социалдык тармакта чек арада жарадар болгон жоокердин бири каза тапты деген такталбаган маалымат таралган.

8-майда кыргыз-тажик чек арасынын Чек аттуу жеринде ок жаңырган. Кыргыз-тажик чек арасында атылган октон төрт кыргызстандык жабыркап, аларын үчөө ооруканага алынган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты