​Үсөнбаев: “Соль-Илецкиден кайткандар обсервация талаптарына баш ийбей жатат”

Россиянын Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарынан келген кыргызстандыктар обсервация талаптарын аткарбай, укук коргоо кызматкерлерин чакырууга туура келди.

Бул тууралуу 10-майдагы маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев

— Соль-Илецкиден келген жарандардын арасында карантиндик талаптарын аткарбагандар бар. Обсервацияда жүрүү эрежелерин бузуп, качып кеткен учурлары да болду. Ошондуктан аларды тартипке келтирүү үчүн милицияга кайрылууга аргасыз болдук. Алар өзүнүн туугандарын, ата-энелерин, тааныштарын кандай тобокелчиликке жана коркунучка түртүп жатканын түшүнбөй жатышат, деп билдирди саламаттык сактоо министринин орун басары. .

10-майда бир суткада Соль-Илецкиден келген жарандар арасынан 55 учур катталып, бул суткада коронавируска чалдыккандардын саны 71ге жетти.

7-майда 541 кыргызстандык Россиянын Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарынан кайтарылган.

Бул Казакстан тарап менен Россия-Казакстан чек арасына жакын тилкеде Казакстанда өзгөчө абал режиминин аякташын көптөн бери күтүп турган Кыргыз Республикасынын жарандарын гуманитардык алып кетүү тууралуу жетишилген макулдашуу боюнча жүрдү.

Мындай учурда жол полициясынын коштоосунда бир колонна менен жүргөн атайын жүргүнчүлүк унаа үчүн транзиттик коридор ачылды. Бул ден соолук үчүн коопсуз шарттарда алып келүүгө мүмкөнчөлөк түзүлдү.

Бардык келген жарандар обсервацияга жайгаштырылган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты