COVID-19: 71 учур катталды. Жалпысынан 1002 болду

  • 4 года мурун

10-майдагы маалымат боюнча, Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынын өлкө ичиндеги 16 учуру жана Россиянын Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарынан келип, обсервацияга жаткандардан 55 учур катталды. Ошентип, бир суткада 71 учур катталды.

Анын ичинен:

Бишкек шаарында – 2;

Чуй облусу — 56, алардын ичинен 55 Соль-Илецк шаарынан келгендер;

Жалал-Абад облусу – 5;

Ош облусу – 3;

Баткен облусу – 4;

Нарын облусу – 1.

Коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 1002ге жетти.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйынында билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты