Чек арада жарадар болгон кыргызстандыктын абалы оор

  • 4 года мурун

Кыргыз-тажик чек арасында атылган октон төрт кыргызстандык жабыркады. Алардын бирине операция жасалгандан кийин абалы оор болууда.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жарадар болгондордун үчөө ооруканага жаткырылган.

25 жаштагы чек ара кызматкерине операция жасалып, абалы оор болуп жатат. 24 жаштагы чек ара кызматкери жарадар болуп, абалы бир калыпта, орточо оор. 23 жаштагы жоокерге да ок тийип, абалы орточо оор.

Кечээ, 8-майда кыргыз-тажик чек арасынын Чек аттуу жеринде ок жаңырган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты