Кыргыз-тажик чек арасында ок жаңырды (Видео)

Бүгүн, 8-майда, кыргыз-тажик чек арасында ок атылды.

Бул тууралуу КР Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Баткен облусунун Чек аттуу жеринде кыргыз-тажик чек ара районунда такталбаган жерде 50 сотых жерди иштетүү боюнча чыр чыккан.

Эки тараптан тең 30-40 киши бири-бирине таш ыргыта баштаган. Андан соң мергенчилик мылтыктан ок атылган.

«Чыр-чатак учурунда мергенчилик куралдан ок атылды. Чек арада абалды тынчтандыруу максатында Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара кезметтери эскертүү иретинде асманга ок атышкан. Ошол убакта кырдаал бир аз убакытка тынчый түшкөн. Буга чейин эки өлкөнүн чектеш аймакта жашаган жергиликтүү тургундары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Бирок ошол эле учурда Тажикстандын чек арачылары күтүүсүздөн кыргыз чек арачыларын жана Кыргызстандын жарандарын көздөй миномёттон атышкан», — деп билдирди Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты