Жеңилдетилген насыя 4-8% үстөк менен берилет

  • 4 года мурун

Кыргыз өкмөтүнүн антикризистик планынын шартында ишкерлерди жеңилдетип каржылоо максатында берилүүчү насыянын үстөк пайызы 4-8% айланасында болот. Бул тууралуу вице-премьер министр Эркин Асрандиев 7-майда брифингде билдирди.

Анын айтымында, насыялар үч, беш, жети жылдык мөөнөт менен берилет.

«Бул насыялардын баары сом менен берилет. Менимче, бул пайыздык үстөктөр өтө төмөн, инфляция деңгээлинен да төмөн десек болот. Коммерциялык насыялардын пайыздык үстөгүнөн 2-2,5 эсе арзан. Биздин эсебибиз боюнча баштапкы этапта жеңилдетилген насыяны 20-30 миң ишкер алат деген божомол бар» деди Асрандиев.

Вице-премьер министр мындан тышкары күрөө маселесин чечиш үчүн Мамлекеттик кепилдик фондунун каражатын эки эсе көбөйтүү жагы караштырылып жатканын кошумчалады.

Анын айтымында, антикризистик программанын алкагында жумушсуздарды колдоо, иши токтоп калган ишкерлерге көмөктөшүү жагы да каралган. Андан тышкары жыл аягына чейин үчүнчү антикризистик программа иштелип чыгат. Анда кризистен кийинки алдыңкы эки-үч жыл ичинде өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү маселеси каралат.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты