​Түркия туристтик сезонду майда ачары чын. Бирок, алгач ички туризмге гана уруксат берилет

Түркиянын туризм сезонун ачууну пландап жатканын ММКлар жазып чыгышты. Андагы маалыматтарга ылайык, май айынын соңунда туристтик сезон ачылат. ПолитКлиника бул маалыматтарды текшерип көрдү.

Түркия туристтик сезонду ачары тууралуу маалымат социалдык тармактарда жүрөт. Ал маалыматтар Ведомостионлайн басылмасындагы макаланы бөлүшкөн.

“Ведомомстинин” маалыматында Түркия май айынын ортосунан баштап ички туризмге уруксат берет, ал эми айдын аягынан баштап чет өлкөлүк туристтерди кабыл ала баштайт деп жазылат.

Түркиянын Hurriet мамлекеттик гезитини дагы ушундай маалыматты жазган. Ага ылайык, майдын аягында ички туризмге гана уруксат берилет:

“Эгерде эпидемиологиялык жагдай ушундай темпте уланып, эч кандай көйгөйлөр чыкпаса, майдын аягында ички трафик башталат. Туризм көзөмөлгө алынган ички каттамдар аркылуу ишке ашат. Биз сертификаттоо комиссиясын түзүп, жайгаштыруу эрежелерин аныктадык. Жайгаштыруу объектилери менен сүйлөшүүлөрүбүз жүрүп жатат. Биз ушул эрежелерди сактаган гана объектилерге сертификат беребиз”, — деп билдирген гезитке берген маегинде туризм жана маданият министри Мехмет Нури Эрсой.

Ал эми NTV телеканалына берген маегинде Түркиянын туризм жана маданият министри Мехмет Нури Эрсой тиешелүү этаптардан өткөндөн кийин сырткы туризимге дагы уруксат берилерин билдирген:

“Майдын аягына майрамга карата ички трафикке уруксат берилет, бул деген ички туризм башталат дегенди түшүндүрөт. Туристтик зоналарды терең изилдеп жатабыз. Азыр Антальяда оорулуулардын саны азайып жатат. Абал күндөн күнгө турукташып жатат. Коомдук тартип сакталып, эч кандай көйгөйлөр чыкпаса майдын аягында ички туризм башталат. Турциянын туризминде сырттан келген туристтер чоң мааниге ээ. Биринчи кадам ички аймакты тазалоо. Сырткы туризимди баштоодон мурун бир долбоорду ишке киргизип жатабыз. Ал сертификациялоо. Башкача айтканда, коронавирусу жок аймактарга сертификат берген система. Бул үчүн бир коммиссия түздүк. Майдын аягына бардык туристтик аймактар бул сертификатты алуусу керек. Сөзсүз түрдө келе турган туристтерге дагы талаптар болот. Коронавирус менен оорубаганын тастыктаган медициналык маалымкат сыяктуу документтер талап кылынат. Ошондой эле, ал аймактарга жакын жерлерде атайын коронавируска ылайыкташкан ооруканалар болот. Андан кийин жарандарын бизге жөнөтө турган өлкөлөр менен келишимге келгенден кийин кадам-кадам менен аэрорпортту ачабыз”, — деп билдирген министр.

Ошондой эле, туристтерин жөнөтө турган өлкөлөрдөгү жагдайды эске алуу менен июнь, июль айларында сырткы туризм башталышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Жыйынтык — Түркия туристтик сезонду ачууну пландап жатканы чын.

ПолитКлиника медиа

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты