​Россиядан, Соль-Илецкиден, 541 кыргызстандык кайтып келди

  • 4 года мурун

7-майда 541 кыргызстандык Россиянын Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарынан кайтарылды.

Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Бул Казакстан тарап менен Россия-Казакстан чек арасына жакын тилкеде Казакстанда өзгөчө абал режиминин аякташын көптөн бери күтүп турган Кыргыз Республикасынын жарандарын гуманитардык алып кетүү тууралуу жетишилген макулдашуу боюнча жүрдү.

Эпидемиологиялык кыйын абал жана Казакстандын бийлиги кабыл алган чектөөчү чаралардын кесепетинен кыргызстандык жарандардын Казакстандын аймагында жеке унаасы менен транзит түрүндө өтүп кетүү мүмкүн болбой келген.

Мындай учурда жол полициясынын коштоосунда бир колонна менен жүргөн атайын жүргүнчүлүк унаа үчүн транзиттик коридор ачылды. Бул ден соолук үчүн коопсуз шарттарда алып келүүгө мүмкөнчөлөк түзүлдү.

Бардык келген жарандар обсервацияга жайгаштырылат.

Казакстандын аймагында өзгөчө абал режими күчүндө жана чет элдик жарандардын кирүүсү чектелгенин КР ТИМ эске салат.

Сүрөт: Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты