​Согуш ардагерлери менен оорук эмгекчилери Кыргызстан жана Россиянын юбилейлик медалдары менен сыйланат

  • 4 года мурун

6-майдан тартып, Кыргызстандын шаарлары менен райондорунда аскер комиссариаттары менен бирге жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана аларга теңештирилген адамдарды, ошондой эле ооруктун эмгекчилерин «1941-1945–жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл» мааракелик медалы менен сыйлоо иштери башталды.

Ошол эле маалда ардагерлер менен оорук эмгекчилерине Россия Федерациясынын Президентинин атынан «1941-1945–жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл» мааракелик медалы тапшырылат.

Россия тараптын аталган медалды уюштуруу жана жасап чыгуу демилгеси 2018-жылдын 28-сентябрында КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин чечими менен бекитилген. Медаль жалпы КМШ аймагына бирдиктүү болуп саналат.

2020-жылдын 30-апрелинде Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы жана Өкмөт менен бирге Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана аларга теңештирилген адамдарды «1941-1945–жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл» мааракелик медалы менен сыйлайт.

Кыргызстанда сыйлана турган согуш ардагерлеринин (согуштун катышуучулары, майыптар, концлагерлердин жашы жетпеген туткундары жана Ленинград блокадачылары) жалпы саны — 234 адам. Ошондой эле 1769 ооруктун эмгекчиси сыйланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты