Облуска киргенде COVID-19 боюнча тесттен өтүүнү талап кылган Осмоналиевге эскертүү берилди

  • 4 года мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев республикалык ыкчам штабдын сунушунун негизинде Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиевге чечимди макулдашпастан кабыл алганы үчүн эскертүү берди.

Бул чечимдер республикалык ыкчам штабдын сунуштамаларына жана саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген иш-аракеттердин алгоритмине дал келбейт.

Тийиштүү алгоритмде каралган учурларды эске албаганда, жарандардан облуска, шаарга, районго жана башка калктуу конуштарга киргенде COVID-19 жок экендиги тууралуу маалымдама талап кылуу туура эмес.

Буга чейин Ысык-Көл облусунун ыкчам штабынын чечими менен облуска кирүүгө тыюу салынган, ал эми кирүү учурунда жарандардан коронавирус инфекциясынын бар-жогун аныктоо боюнча тесттен өткөндүгү жөнүндө маалым кат талап кылышкан.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 6-майдагы, жалпы жыйынында депутат Наталья Никитенко аймактарга кирүүгө тесттен өткөрүүнү талап кылуу чечимин жокко чыгаруу маселесин көтөрдү.

«Мындай талап коёрдон мурун өкмөт элди акысыз тесттен өткөрүү маселесин чечип берүүгө тийиш. Чечимди республикалык штаб кабыл алабы же ар ким өзү билген чечимин кабыл алып, талабын коё береби?», деди депутат.

11-майдан тартып Бишкек шаарына COVID-19га тест тапшыргандыгы тууралуу аныктамасы бар жарандарга гана кирүүгө уруксат берилиши мүмкүн экенин вице-мэр Татьяна Кузнецова 4-майда онлайн-брифингде билдирген.

«Өзгөчө абал режими алынгандан кийин Бишкек мэриясы транспорт каражаттары менен адамдардын шаарга кирүүсүнө бир катар чектөө чараларын киргизүү маселесин караштырып жатат. Алардын арасында ПЦР-анализ тапшыруу же экспресс-тесттен өтүү чаралары бар», — деген Кузнецова.

Президент Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ат-Башы районунда 10-майга чейин өзгөчө абал режимин узарткан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты