​“Жуктуруп алгандан корком”. Борбордук Азия мамлекеттеринин бийлиги өз жарандарын карантинге кандай алууда

Эки жумага карантинге алынган Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жарандары өз бийлигин COVID-19 менен күрөшүүдө уюштурулган чаралар талапка ылайык эмес, вирусту массалык түрдө жуктуруп алууга шарт түзгөн жана мындан да башка илдетке чалдыгышыбыз мүмкүн деп сындашууда.

Макаланын түп нускасы Cabar.Asia аналитикалык порталына жарыяланган.

Тажикстандын жарандары карантиндин шарттарына нааразы

Карантинге алынган Тажикстандын жарандары ал жактагы шарттар санитардык жана башка талаптарга жооп бербейт деп айтышкан.

Расмий маалыматтар боюнча, Тажикстанда коронавирус аныкталган бир дагы учур катталган эмес. Бирок башка өлкөдөн келген бардык жарандарды алар эки жумалык карантинге алып турган.

Исфарадагы борбордук оорукана. Якуб Халимовдун сүрөтү

Тажик журналисти Якуб Халимов 21-мартта кыргыз-тажик чегарасын кесип өткөн, аны Исфара шаарындагы борбордук ооруканага карантинге жаткырган. Ал менен бирге ошол күнкү чегарадан өткөн 50дөн ашык адам дагы карантинге түшүп калган.

Жаңы келгендерди эки же төрт кишиден кылып, бөлмөнүн аянтына жараша жайгаштырышкан.

“Биз бир бөлмөдө үч киши болчубуз. Биринчи түнү суук болду, бизге жылуу төшөк бербеди. Бирок тамак-аш боюнча көйгөй жаралган жок, үч маал ысык тамак менен камсыз кылып жатышты”, — деди Халимов.

Якуб Халимов. Өздүк архивдеги сүрөт

Анын айтымында, ооруканада 2-3 гана жуунуучу бөлмө, анда да ысык суусу жок болчу. Ал эми ажаткана болсо кир жана абалы начар эле. 23-24-мартта дагы бир нече адам карантинге алынып, натыйжада 100дөн ашык киши ошол жерде болгон. Халимов карантинде кармоонун шарттары талапка жооп бербегенин, адамдар аралыкты сактабай, чогулуп алып карта ойногонун айткан.

“Бул абал коркунучтуу. Эгер, Кудай сактасын дечи, арасында бирөө-жарым вирус алып жүрүүчү болсо, анда ал ондогон адамга жугузушу мүмкүн”, — дейт Халимов.

Халимовдун айтымында, салыштырмалуу Душанбедеги карантинде социалдык аралыкты сактоо талабы буга караганда жакшы сакталган. Бир комнатада эки адам жана алардын кирүү жана чыгуусу чектелген.

«Биздин жагдайда бул талаптар толугу менен аткарылган жок. Мисалы, бизде медициналык бет кап, кол каптар, антисептиктер болгон эмес, алар бет капты бардыгына бир жолу эле берип, кызматкерлер аларды жууп, кайра кайтарып беришчү. Эгерде арабызда коронавирус жуктуруп алган адам болсо, анда ал башкаларга да жуктурушу мүмкүн деп коркчубуз», — деди ал.

Абуали Мирали, Шамсиддин Шохин атындагы айылдын тургуну 21 күн карантинде болгонун айтат. Ал Россиядан Тажикстанга келгенде эле башка мигранттар менен бирге карантинге алынган.

“Биз баарыбыз 218 адам болчубуз. Беш автобуска салып жарымын Бохтар шаарына, ал эми калганын Куляб шаарына алып барышты. Чынын айтканда карантин жаман өттү. Бөлмөлөрдү кызматкерлер бат-баттан тазалап турушту, бирок абдан суук болду. Ошонун айынан 32 адам ооруп калды”, — деди Мирали.

Миралинин айтымында, карантинге кабылган адамдар гигиенанын нормаларын такыр сактаган эмес.

“Алар бет кап да тагынышкан жок. Оорукананын кызматкерлери дагы гигиенанын нормаларын талаптагыдай сакташпады. Алар жетекчилигинин көзүнчө эле бет кап тагынышып, алардын көзү мындай болгондо алып салышчу”, — деди Мирали.

Ошондой эле ал карантин учурунда дарылардын да тартыштыгы болгонун айтат.

“Бир нече адам грипп болуп ооруп калганда дене табы көтөрүлгөн. Бизге жөнөкөй эле дары-дармектер дагы берилген жок. Биз бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылганбызда, алар дарыны акысыз таратабыз деп убада кылышкан. Бирок ошол бойдон дары-дармек берилген жок, андыктан биз аларды кымбат баада сатып алууга мажбур болдук”, — деди Мирали.

Карантинге кабылгандардын айрымдары дарыгерлер тарабынан да профилактикалык иш-чаралардын талаптарын сактабагандар болгонун айтышты. Айрым дарыгерлер эң жөнөкөй эрежелерди да сакташкан эмес: алар бет кап жана кол капсыз жүрүшкөн.

Медицина илимдеринин доктору, вирусолог Саидбек Сатторовдун айтымында, көпчүлүк учурда пандемия күтүлбөгөн жерден пайда болот жана карантиндик шарттар өлкөдөгү экономикалык кырдаалга жана ошол мезгилдин мүмкүнчүлүктөрүнө көз каранды.

Саидбек Сатторов. Сүрөт: ozodi.org

“Карантин деген баарын люкс номерлерде кармаш керек дегенди билдирбейт. Эң негизгиси, вирус аныкталган оорулуу же ага шектелген адамды башка дени сак адамдардан алыс кармоо”, — деди Сатторов.

Ошол эле учурда ал вирус аныкталган адамдар ар башка бөлмөдө кармалып, бардык эрежелерди сакташы керек деп түшүндүрдү. Бирок эгер инфекцияга шектенүү гана бар болсо, анда аларды бир бөлмөдө үч-төрттөн жайгаштырса болорун айтты.

Бардык эрежелерди сактагандыгына карабай дүйнөдө көпчүлүк дарыгерлер коронавирус инфекциясын жуктуруп алган учурлар да бар.

Саидбек Сатторовдун айтымында, бейтаптар менен иштешүүдө, айрыкча кооптуулар болгондо, дарыгерлер бардык талаптарды аткарууга милдеттүү. Коронавирус коркунучтуу оорулардын катарында, андыктан бул вирусту жуктурган адамдар менен байланышуу учурунда дарыгерлерди коопсуздук стандарттарын сактоону милдеттендирет.

Тажикстан Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, 1-февралдан 8-апрелге чейин 7257 адам Тажикстанга кайтып келген. Алардын ичинен 5243 адам карантинден өтүп, үйлөрүнө барса, 2014 адам жугуштуу оорулар ооруканаларында жана санаторийлеринде.

Өзбекстандагы карантин карама-каршы реакцияны жаратты

Чет өлкөдөн келген өзбекстандыктар эки жумалык карантиндеги күндөрүн ар башка эстешет.

Ташкенттен келген Тея Tref аттуу колдонуучу март айынын аягында ачылган Ташкент облусунун контейнердик карантин борборунда өткөн тажрыйбасы жөнүндө Фейсбук баракчасына жазган. Мобилдик карантиндик аймак турак жайга ылайыкташтырылган бир нече миң логистикалык контейнерлерден турат. Ар бир “бөлмөдө” төрт керебет, даараткана, жуунуучу бөлмө бар. Ар бир 500 адамга 30 дарыгер жана 20 кызматкер жардам көрсөтөт.

«Бардыгы бар — кондиционер, телевизор, Uzmobile телефону, электр чайнеги, ичүүчү суу. Ысык жана муздак суу да бар, бирок куму менен. Керебеттерде матрацтар, жууркан-төшөктөр, жаздык, бир кишиге үч сүргү берилген. Мындан сырткары резина тапичкесин, тиш щетка, самын, шампунь, даараткана кагазы жана кагаз сүлгүсү да бар», — деп жазган Тея.

Анын айтымында, бөлмөдө кондиционер иштебегендиктен, баклажкадагы жылуу суу менен жылынууга туура келген. Беш күндөн кийин карантин шаарчасынын администрациясы ага жылыткыч берген. Албетте, контейнерлерди бат бүткөрүүгө аракет кылышкан, бирок көп нерсе көз жаздымда калган. Мисалы, көптөгөн бош, жылчык жерлерди монтаждык пена менен толтурууну эске алышкан эмес. Бирок, ага карабай, автор карантин шарттарына канааттанган.

“Углеводдуу тамак берип жатты – картошка, күрүч, камыр тамак, гречка, эт. Бир күндө үч маал ысык тамак. Таттуулар менен такай ысык чай болуп турду. Кызматкерлер өтө сылык мамиле жасап жатты”, — деп белгилейт автор.

Анын айтымында, обочолонуу талабы «өтө катуу жана өтө олуттуу» сакталган.

«Обочолонуу тууралуу айтсам, бизге “бөлмөдөн” чыкканга да уруксат берилген жок. Баары өтө катуу жана өтө олуттуу. Биз телефон аркылуу сүйлөшүп, телефон аркылуу бири-бирибизди көрүп, таанышып, дубалдарды уруп же кыйкырып сүйлөшүп жаттык. Кызматкерлер биз менен байланышта болгон жок. Тамак-ашты бир жолу колдонула турган идиш-аякка салып, контейнердин жанындагы кичинекей короого калтырып коюшчу”, — деди Тея.

Эки жумалык карантинден соң аларды автобустарга салып Ташкентке алып барган. Ал жактан каарманыбызды айдоочу үйүнөн алысыраак жерге түн ичинде түшүрүп салган. Үйүнө жетип алуу үчүн ал тааныштарына чалууга мажбур болгон. Ташкентте жеке унаалардын каттоосуна тыюу салынгандыктан тааныштары да тобокелдикке барышкан.

Ташкенттин жашоочусу Гришан Даниелян Москвадан келери менен 16 күндүк карантинге алынып, ал жакка кайра “кайтып келбөөнү” каалаган.

Даниелян өзүнүн Фейсбук баракчасына аэропорттон эле телефон жана паспортторун алып алганын жазган. Ага контейнерлерде орточо төрт адамдан жайгаштырганы жаккан эмес.

“Мындайча айтканда, эгер бирөөнөн коронавирус аныкталса, баары ооруп калары шексиз. Күлкүлүү”, – деген Даниелян.

Ошондой эле контейнерлер колдонууга берилгенге даяр эместиги жаккан эмес, кээ биринде жарык, кээ бирлеринде суу жок болгон.

Анын айтымында, эгер медициналык кызматкерлер кесипкөйлүгүн жана активдүүлүгүн көрсөтүшсө, карантинди уюштурууга жооптуу адамдар орой мамиле кылышкан.

“Жаныбызга бир үй-бүлөнү жайгаштырышты. Аларды үйүнө жеткиребиз деп, ооруканадан карантин жайына алдап алып келишкен. Башкача айтканда, алар коронавируска текшерилгенде жыйынтыгы терс чыкканынан улам үйүнө жеткиребиз дешкен, бирок тобокелдикке барбайлы деп карантинге алышкан. Вагонго камап коюшту…” – деп бөлүштү ал.

Даниелян бул сыяктуу башка да карантин жайларынын начар уюшулганына нааразы болгон. Анын айтымында, Москвадан 24-мартта келген бардык мекендештери Назарбек санаториясында обочолонууга алынган. Бирок ал жакта карантиндин режими сакталган эмес, эки жумадан кийин аларды контейнердик лагерге ошол эле мөөнөткө жайгаштырышкан.

Карантинден өткөн күбөлөрдүн көптөгөн окуяларынан көрүнүп тургандай, ал жактагы шарттар жана кызматкерлердин мамилеси иштеген жери, жумуш орду жана жада калса кезметине жараша өзгөрүлүп турат. Карантинди уюштурууда адамдык фактор дагы маанилүү ролду ойногон.

«Энергетик» санаториясындагы карантинге алынган жашоочулар начар шарттарга нааразы болушууда: Сүрөт ozodlik.org

Ташкент облусунун Кибрай районундагы «Энергетик» санаторийиндеги карантиндин мисалын алсак. Мекендештердин биринчи партиясын 20 россиялык жарандар менен биргеликте Өзбекстандын саламаттыкты сактоо министри Алишер Шадманов өзү тосуп алды. 14 күндүн ичинде санаторийдин ашпозчусу бир тамакты кайталаган эмес жана Эл аралык аялдар күнүнүн урматына өзгөчөлөнгөн кечки тамак да уюштурган. Бул тууралуу Светлана Ким билдирди.

Көз карандысыз журналист Алексей Волосевичтин айтымында, ушул эле санаторийде Дубай-Ташкент рейсинин жүргүнчүлөрү башаламандык уюштурушкан. Алар начар шарттарга жана эки жума карантинден кийин коронавируска тапшырып, жыйынтыгы терс чыкканына карабай кое берилбей жаткандарына нааразы болушкан. Өзбекстан Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 54-беренесинин эпидемияга каршы күрөшүү эрежелерин бузгандыгы үчүн жети адам 15 суткалык административдик камакка алынган.

Казакстандагы абал

“Стамбулдан учар алдында өзүмдү жаман сездим. Тамагым ооруп, жөтөлүп жана мурдуман агып атты. Бул белгилерди учуунун кесепети жана климат алмашканына байланыштырып, аэропорттон чыгарым менен ооруканага алып кетет деп ойлогом”, — деп 10-мартта Лондон-Стамбул-Алматы-Нур-Султан рейси менен Улуубританиядан келаткан казакстандык журналист кыз айтып берди.

Алматыда самолёттон чыгарда жүргүнчүлөрдү жалгыз бир тепловизор жана анкета күтүп турган. Ага акыркы эки жумада кайсыл жерлерде болгон маршрутун жана өздүк маалыматтарды жазуу керек. Ал эми Нур-Султандагы аэропортто бул нерселер дагы болгон эмес.

“Мен түн ичинде кондум. Учуп-конуу маалында эч кандай текшерүүлөр болгон эмес. Биз конуп туруп эле ар ким каалаган жагына кеткен. Мен үйгө келип, эртең менен жакшы болуп калармын деген ниетте уктаганга аракет кылдым. Бирок андай болгон жок, эртең менен 103 номерине чалып тез жардам чакырдым. Ал мен кайрылгандан кийин 50 мүнөттөн соң келди”, — деп айтып берди ал кыз.

Тез жардам кызматкерлери анын ден соолугун, жүрүү каттамын сурап, температурасын ченеп, андан кийин гана ооруканага алып барарын айтышкан. Ал жерден COVID-19 бар-жогун аныктоо үчүн тест тапшырткан. Кийинки жума ичи ал Нур-Султандан жети чакырым алыстыкта жайгашкан шаардык Фтизиопульмонология борборунда карантинде болгон.

Сүрөт: CABAR.asia

Биринчи кызды эки кишилик палатага жайгаштырышкан, бирок бир аз убакыттан кийин экинчи керебетти алып салышкан. Ага аны менен бир рейсте келген адамдарды чогуу кармаганга, ал эми башкалары бир-бирден болуусу керек деп түшүндүрүп беришкен.

Кыз карантин убагында дарыгерлердин көзөмөлүндө болгон жана вируска тапшырган анализи терс натыйжа бергендиктен үйүнө чыгарылган. Үйүнө кетерде күзөтчү бир кишинин бул жерден эки күн мурун качып кетүүнү каалаганын айтып берген, бирок аны кармап калышкан. Ошондуктан патруль бүтүндөй аймакты кайтарып, коопсуздук күчөтүлгөн экен.

Бүгүнкү күндө карантиндик жайга мейманканалар жана санаторийлер бөлүнүп берилип, ал жерде дарыгерлердин өздөрү да жатып калышат. Карантин шарттарына байланыштуу арыздар негизинен өлкөнүн чакан шаарларынан келип түшкөн, бирок борбордо да нааразычылыктар катталган.

22-мартта Дубай — Нур-Султан рейсинин 577 жүргүнчүсү ушул максатта бөлүнгөн мейманканалардын бирине жайгаштырылган. Алар карантиндин кармоо шарттарына нааразы болуп, ошондой эле мамлекет бөлгөн акча кайда кетип жатат деп таң калышкан.

Сүрөт: inbusiness.kz

Чет өлкөдөн келген жарандар жергиликтүү ЖМКларга карантиндеги жерлер суук жана таза эмес деп шарттарына арызданышкан. Ошондой эле жаңы илдеттерди жугузуп алуудан коркуп жатканын билдиришкен. Бүгүнкү күнгө чейин Казакстанда 1821 адам карантинге алынып, 6608 адам үйдө обочолонуп, 21 миңден ашык текшерүү жүргүзүлгөн.

Артыкчылыктарды кайрадан аныктоо

24-мартта Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Facebook баракчасында «Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет» деген жаңы аталышты ишке киргизди, анда бөлүмдүн башчысы Елжан Биртанов казакстандык лабораториялардын жалпы кубаттуулугу күнүнө төрт миң тестти сынактан өткөрө алганын билдирди. Андан кийин Саламаттыкты сактоо министрлигинин Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана коопсуздугун контролдоо боюнча комитетинин төрайымы Людмила Бюрабекова Казакстандын бардык шаарлары үчүн дарыгерлердин кадрдык резерви түзүлгөндүгүн айткан.

“Эки шаар тең [Нур-Султан жана Алмата] карантинге алынгандарды ооруканага жайгаштыруудагы көлөм менен жетишүүдө. Ал эми эпидемиялык абалды иликтөөдө санитардык-эпидемиологиялык кызматты жакшыртуу жана блокпосттордо иштөө үчүн жардамга аймактардан кошумча адистер Алматы шаарына да, Нур-Султан шаарына да жөнөтүлгөн” – деди Бюрабекова.

Анын айтымында, Кытайдан чыккан тест-системалар колдонулууда. Жакында эле өлкөгө 60 миң тест-системасы алып келинген, мындан сырткары дагы 150 миң тест алуу пландалууда. Ошол эле учурда жуктуруп алгандардын саны күн сайын өсүүдө, инфекциянын негизги очогу Нур-Султан жана Алматыда топтолгон.

Казакстан өлүмгө дуушар кылган инфекциялар менен биринчи жолу күрөшүп жаткан жок. 1905-1906-жылдары өлкөдө чума эпидемиясы күчөгөн. Кооптуу оорунун экинчи толкуну 1923-1924-жылдары кайталанып, жүздөгөн адамдын өмүрүн алган. Анан Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин да кайталанган.

1914-жылы Уралда чумага каршы борбордук лаборатория түзүлгөн. Өлкөнүн бийлиги бул вирусту жайылткан кемирүүчүлөр менен кеңири масштабдуу күрөш жүргүзүп, акыры оору бара-бара басаңдай баштаган.

Марат Мамаев. Жеке архивдеги сүрөттөр

Саламаттыкты сактоо тармагындагы адис Марат Мамаевдин айтымында, өлкөдө коркунучтуу жугуштуу оорулар боюнча туруктуу эпидемиологиялык кырдаал байкалган жана бул коронавирустун жайылышына оң таасирин тийгизген жок.

“Бүгүнкү күндө өзгөчө коркунучтуу инфекциялардын алдын алуу иштеринин жардамы менен бул илдеттердин эпидемиологиялык туруктуулугу байкалууда. Так ушул нерсе сергектикти жоготту. Башка нерселердин мыйзам ченемдүүлүгү сыяктуу эле, оорулардын мыйзамдарын да четке кагууга болбойт», — деди Мамаев.

Ал эми саламаттыкты сактоо боюнча адис Али Нургожаев өзгөчө кырдаал учурунда өкмөт үзгүлтүксүз гемодиализ алууну, фармацевтикалык өндүрүштө, лабораториялык биоматериал ташууга ж.б. менен алектенген кызматкерлерди уруксат кагазы менен камсыз кылышы керек деп эсептейт.

Али Нургожаев. Жеке архивдеги сүрөттөр

“Мындай курч эпидемиялык абалга ресурстардын запасы каралган эмес. Натыйжада дем алдыруучу аппараттардын жетишсиздигинен өлүм коркунучу бар, дарыгерлердин негизги коргоо каражаттарынын аздыгы да маселе жаратат. Медициналык кызматкерлерди жабдуу, коргоо, врачтарды инфекциялык маселелер боюнча сапаттуу окутуу зарыл. Артыкчылыктарды кайра карап чыгуу керек”, — дейт Нургожаев.

Ушундай эле пикири менен Мамаев дагы бөлүшөт. Ал белгилегендей, өзгөчө абал учурунда колдонуу үчүн көрсөтмөлөр алдын ала иштелип чыккан эмес. Ошондуктан эми бул маселе эл аралык уюмдардын жана жергиликтүү аналитиктердин катышуусу менен, эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен кайрадан так аныкталып, тыкыр иштеп чыгууга мезгил келди.

Кыргызстан: катаклизмдерге көнүп калган

Ойбек Айтбаев Кыргызстанга Германиядан 16-мартта келген. Аны ошол эле күнү эки жумалык карантинге “Манас” аэропортундагы мурунку «Ганси» авиабазасына жөнөтүшкөн.

«Шарттары жакшы. Бөлмөдө керебет, душ, ысык суу, даараткана, кир жуугуч машина, муздаткыч, таза суу диспенсери жана кондиционер болгон. 2-3 адамдан жайгаштырышты. Күнүнө үч жолу тамак беришти”, — деп бөлүштү ал.

Сүрөт О. Айтбаевдин жеке архивинен алынды

Ошол эле учурда социалдык тармактарда жана Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттарында обсервацияда кармоонун шарттарына көптөгөн даттануулар түшкөн. Фейсбук баракчасына ошол эле Гансидеги обсервациялык абалды бир кыргызстандык аял жазып чыккан. Ал Гансидеги дааратканалар көчөдө гана жайгашкандыктан, түнкүсүн чыкканга тыюу салынгандыгынан улам ага чака беришкен деп жазган.

19-мартта маалымат агенттиктеринин бирине бир жигит кайрылган, ал Москвадан кайтып келген апасын абалы начар карантин жайына алынгандыгын айтып берген. Бул жерде да ошол эле обсервация жайы — «Ганси» тууралуу сөз болууда.

Мурунку авиабазадан тышкары, Бишкектен 43 чакырым алыстыкта жайгашкан Беловодск аймактык ооруканасында да карантин жайы уюшулган. Бишкек шаарынын тургуну Камила Кожокматованын айтымында, аны сегиз адам менен бир бөлмөгө жайгаштырган.

“Эки палата болгон, ар биринде сегиз аял жайгашкан, бардыгы үчүн бир даараткана бар. Мен 15 жылдан бери кызамык оорусу менен жабыркап келем. Мен жалпы бөлмөдө башкалар менен бирге тура албайм — мен коронавирусту гана эмес, башка каалаган нерсени жуктуруп алам. Бул мен үчүн аябай кейиштүү аякташы мүмкүн», — дейт Кожокматова (Kloop.kgден цитата).

Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков учурда өлкө аймагында коронавирусту аныктай турчу лабораториялар ачылып жатканын билдирди.

“Бардык вирусологдор жана лаборанттар окуудан өткөн. Жетиштүү санда тест-системалары жана чыгымдалчу материалдар бар. ӨКМ менен ИИМдин бардык кызматтары окуялардын өнүгүп кетишине даяр. Бүгүнкү күндө обсервация үчүн 2290 орун бар”, — деди ал.

Бирок саламаттыкты сактоо маселелери боюнча медиа-эксперт Елена Баялинова Кыргызстанда инфраструктуранын эскилиги жеткенин, андыктан инфекция менен күрөшүү мүмкүн болбой калганын белгиледи.

«Мен Сузак жана Ноокат шаарларындагы ооруканаларды көрдүм (коронавирустун алгачкы инфекциясы аныкталган аймактарда — автор). Булар совет мезгилинде курулган эски ооруканалар”, — дейт ал.

Ал, уюштуруу иштерине карабастан, дарыгерлер зарыл каражаттардын тартыштыгынан улам бейтаптарга беткапсыз кирүүгө аргасыз болушууда дейт.

Ошол эле учурда далилдүү медицина боюнча эксперт Бермет Барыктабасова чектелүү ресурстарга карабастан Кыргызстан коронавирус менен күрөшө алат деп ишенет, анткени ал мындан да жаман кырдаалды башынан өткөргөн.

«Биздин калк катаклизмдерге кулак төшөп, көнүп калган. Мындай күтүлбөгөн катаал мезгилдер жана ресурстардын жетишсиздиги буга чейин эле болгон. Мисалы, революция жана 2010-жылдагы июнь окуялары, жарадарлар жана жапа чеккендер массалык түрдө ооруканаларга түшө баштаган учур. Дача-СУ окуясы, учак айылга кулап түшкөндө. Ар биринде коом кайрадан күчтөнүп, уюшкандыкта аман калган мисалдар бар», — дейт ал.

Ошол эле учурда, ал бийликтегилер тараптан башкаруу, макулдашылган чечимдерди кабыл алуу жана системалык чараларды иштеп чыгууда, коомчулук менен байланышууда, керектүү маалыматты жайылтууда кемчиликтер жана көйгөйлөр бар экенин белгилейт.

Жеке коргонуу каражаттарын, медициналык шаймандарга болгон муктаждыктарга эсептөө жүргүзүлгөн эмес, калкка маалымдаган жана чалууларына жооп берген Call-центр кызматынын ишмердиги ойдогудай түзүлгөн эмес. Тез жардам унаалары да жетишсиз.

Ал ойлонулган чектөө чараларын, жеке гигиенаны сактоо, өзүн-өзү изоляциялоо жана өзү жана жакындары үчүн жоопкерчиликте болуу сыяктуу туура, так масштабдуу маалыматтык кампанияны жүргүзүү керек экенин жана, баарынан маанилүүсү, өлкөнүн медициналык кызматкерлерин колдоо керек деп белгилейт.

Зульфия Раисова

Мехриниса Сулайманова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты