​Түркмөн бийлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюм эксперттерин киргизбей жатат

  • 4 года мурун

Түркмөнстан өлкөдөгү COVID-19 инфекциясына байланышкан абалды изилдөөгө ниеттенип жаткан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) эксперттерин киргизбей жатат.

Уюмдун маалыматына караганда, ушу тапта Тажикстанда жүргөн ДССУнун миссиясы түркмөн бийлигинен чакыруу күтүүдө.

«Азыр уюмдун эксперттери Тажикстанда. Бул жердеги изилдөө иштеринен кийин Түркмөнстанга барууну пландаганбыз. Биз түркмөн тарап менен сүйлөшүп, чакыруу алууга аракет кылып жатабыз» деди ДССУнун Европадагы бөлүмүнүн өкүлү Стефани Брикман.

Түркмөнстандын бийлиги өлкөдө COVID-19 инфекциясын жуктурган адамдар жок экенин билдирип келет.

6-майга карата дүйнөнүн 187 өлкөсүндө 3 664 011 киши коронавируска чалдыкты. Түркмөнстанда коронавирус катталган жок.

Иллюстрациялык сүрөт: AFP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты