Душанбеге медициналык учактын келгени чын. Бирок, Эмомали Рахмонду алып кеткени далилденген жок

Социалдык тармактарда Тажикистандын президенти Эмомали Рахмон COVID-19 вирусун жуктуруп алганы талкууланып жатат. Далил катары flightradar24.com сайтынан алынган скриншот келтирилген. Ал жакта 3-май күнү N163PA номериндеги учак Душанбеден Германиянын Рамштайн шаарына учуп кеткен. Ошондой эле, билдирүүдө учак медициналык багыттагы экени айтылат.

Учактын борт номуру боюнча авиакомпанияны издейбиз. Phoenix air компаниясынын медициналык багыттагы учактары бар экени чын болуп чыкты. Алар Эбола оорулууларын Африкадан чыгарып жүргөн. N163PA номерлүү учак 15-мартта коронавирус менен ооруган АКШнын жаранын Бутандан чыгарып кеткен.

Сүрөт Kuensel/ANN

Бутанга учуу Flightradar24.com сайтына жазылып калган.

Flightradar24.com сайтынан.

Ушул эле ресурс, учак Душанбеге келип, Германияга учуп кеткенин көргөзүп турат.

Flightradar24.com сайтынан.

Бирок, Тажикстандын бийлиги бул маалыматты четке какты. Президенттин жардамчысы Абдуджаббор Рахмонзода бул боюнча комментарий берген:

“Шарофиддин Гадоев сыяктуу улут душмандары Facebook, YouTube аркылуу таратып жаткан бул маалымат негизсиз. Өлкө президенти, улуттун ардактуу лидери Эмомали Рахмон бул оор күндөрдө жумушта жана жагдайды жакшыртууну ойлонуп жатат. Аны менен иштегендер, өкмөт мүчөлөрү, өлкөнүн жарандары муну көрүп, билишет”, — деп билдирди Рахмонзода.

Шарофиддина Гадоевдин маалыматында 30-апрелдеги өкмөттүн жыйынына президенттин катышпаганы айтылат.

Тажикистандын президентинин расмий сатындагы маалыматта Эмомали Рахмон Тажикистандын президенти өкмөттүн жыйынына катышканы айтылат. Бирок, ал жыйындан сүрөт жана видео жарыяланган эмес.

“Эгер Рахмондун ыйык Рамазан айынын башталышына арналган 2020-жылдын 23-апрелиндеги кайрылуусун жакшылап карасаңыз, Рахмондун жүзү баклажандын түсүндөй экени байкалат. Ден-соолугу жакшы эмес экенин жүзү айтып турат», — деп жазган активист.

Тажикистандын президентинин куттуктоосу текст түрүндө президенттин сайтында жарыяланган. Ал жакта сүрөтү дагы бар.


Ал эми “ФутБол ТВ ТАДЖИКИСТАН” YouTube каналында ошол куттуктоонун видеосу чыккан.

Жыйынтык:

  • N163PA борт номерлүү учактын медициналык багытта колдонулаары — чын. Мурдарак (13-мартта) ал учак коронавирус менен ооруган кишини (АКШнын жаранын) алып чыгуу үчүн колдонулган.
  • N163PA борттук номерлүү учактын 3-майда Душанбеге учуп келгени чык. Ал жактан Рамштайн шаарына жакын жердеги аскердик базага учуп кеткен, андан ары Канада аркылуу АКШга учкан.
  • Эмомали Рахмон коронавирус жуктуруп алды деген маалымат — далилденген жок.
  • Тажикистандын президентин Германияга учакта алып чыгып кетишти деген маалымат — далилденген жок.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты