Үй карантин шартын бузган 45 киши жоопко тартылды

  • 4 года мурун

Өлкөдө жалпысынан 45 адам карантин эрежелерин бузганы үчүн жоопко тартылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Алардын ичинен жазык кодексинин 280-беренеси («Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу») менен сегиз киши, 281-беренеси («Адамдар үчүн коркунуч жараткан жагдайлар тууралуу маалыматты жашыруу же бурмалоо») менен бир киши жоопкерчиликке тартылган.

Бул беренелерди бузган жарандар 260 000 сомдон 300 000 сомго чейин айып төлөп же эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Жоруктар жөнүндө кодекстин 127-беренесине («Чектөө иш-чараларынын (карантиндин) талаптарын (эрежелерин) бузуу») ылайык 11 киши, 119-берене («Өзгөчө кырдаал, өзгөчө же аскердик абал режиминин талаптарын бузуу») менен эки адам жоопко тартылууда. Алар боюнча материалдар сотко жөнөтүлгөн.

Ал эми тартип бузуу жөнүндө кодекстин 293-беренесине («Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу») ылайык, 23 киши үч миң сомдон айыпка жыгылды.

Жалпы республика боюнча обочолонуу режимине (үй карантинине) бардыгы болуп 83 638 адам алынган, учурда алардын 28 592и үй карантининде, 55 046 адам карантинден чыкты. Өкмөт айрым жарандар обочолонуу режимин бузуп, башка адамдардын өмүрүнө коркунуч жаратып жатканын маалымдады.

Президент Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ат-Башы районунда 10-майга чейин өзгөчө абал режимин узарткан.

Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты