​БШК Дарига Назарбаеванын депутаттык ыйгарым укуктары токтотулганын жарыялады

  • 4 года мурун

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мурдагы президенттин кызы Дарига Назарбаеванын депутаттык ыйгарым укуктарынын токтотулганын жарыялады. Токтом БШКнын 4-майда өткөн жыйынында кабыл алынды.

2-майда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев спикер Дарига Назарбаеванын депутаттык ыйгарым укугун токтотуу жөнүндө жарлыкка кол койгон.

56 жаштагы Назарбаева сенатка 2016-жылы, атасы президент болуп турганда шайланган. Нурсултан Назарбаев отставкага кеткен күнү, 20-мартта ал парламент сенатынын спикери болуп дайындалган.

Казакстан Конституциясына ылайык, азыркы өлкө башчы отставкага кетсе же дүйнөдөн кайтса, анын ыйгарым укуктарын сенаттын спикери аткарат.

Назарбаева буга чейин мажилистин төрагасынын орун басары жана вице-премьер болуп иштеген.

Ал ортодо президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары болуп иштеп келген Маулен Ашимбаев сенаттын депутаты болуп дайындалганы белгилүү болду.

«Интерфакс-Казакстан» агенттиги өз булагына таянып, Токаев Ашимбаевдин талапкерлигин парламент сенатынын спикери кызматына сунуштап, аны депутаттар бир добуштан колдогонун жазды.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты