​Мэрия COVID-19га тест тапшырбаган жарандарга Бишкекке кирүүгө тыюу салышы мүмкүн

  • 4 года мурун

11-майдан тартып Бишкек шаарына COVID-19га тест тапшыргандыгы тууралуу аныктамасы бар жарандарга гана кирүүгө уруксат берилиши мүмкүн. Бул тууралуу калаанын вицемэри Татьяна Кузнецова 4-майда онлайн-брифингде билдирди.

«Өзгөчө абал режими алынгандан кийин Бишкек мэриясы транспорт каражаттары менен адамдардын шаарга кирүүсүнө бир катар чектөө чараларын киргизүү маселесин караштырып жатат. Алардын арасында ПЦР-анализ тапшыруу же экспресс-тесттен өтүү чаралары бар», — деди Кузнецова.

Анын айтымында, мындан тышкары коронавирус жуктуруп алган адамдар аныкталган жаңы конуштардагы карантин чараларын күчөтүү жана ички блокпостторду коюу маселеси да каралууда.

Кыргызстанда апрелдин аягынан тартып жеке лаборатория COVID-19га ПЦР-анализдерди кабыл ала баштаган. Анын баасы 2 миң сомдун айланасындагы сумманы түзөт.

4-майга карата Бишкекте коронавирус жуктургандардын саны 231 адамга жетти. Алардын 70и дарыгерлер, 24ү милиция кызматкерлери.

Сүрөт: Бишкек комендатурасы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты