​Чемодан

4-майда “Манас” аэропортунун ачылганына 45 жыл толуптур. 1975-жылы 4-майда Москва-Фрунзе багытындагы биринчи аба каттамы учуп чыккан күн экен.

Мына ушул датага байланыштуу бир окуя эсиме түштү. 1975-жыл экенин так билем, ал жаңы аэропорттогу канчанчы жолку каттам экени эсимде жок, жай айы эле. Айтор, “Манас” аэропортуна алгачкы жолу барып, апамды Москвага, “Домодедово” аэропортуна узатканбыз.

Жаралганда бир жолу айылдык мектеп мугалимдери үчүн Москва алдындагы Полушкино кыштагындагы “Полушкино” пансионатына путевка келип, аны апама беришиптир. Пансионатка баруу үчүн апам бир топ күн кийимдерин иреттеп, чемоданын камдап жүрдү.

Айылдан борборго, андагы Фрунзе шаарына эски аэропорттон апамды узатканы бардык. Бирок эски аэропортко келгенде, жаңы, “Манас” аэропорту ачылды, Москвага ошол жактан учат, эски аэропортто жергиликтүү каттамдар гана болот деп айтышты.

Самолеттун учаар убактысы да жакындап калгандыктан, вокзалдагы дежурдун айтуусу боюнча такси менен “Манас” аэропортун карай шашылыш жөнөп калдык. Мен анда окуучу кыз элем, башка эжелерим да узатып бара жатышкан.

Таксист шатыра-шатман орус киши экен, “бир заматта жеткирем” деп калды. Жаңы аэропортту карай сызып жөнөдүк.Таксист жарым жолду артта калтырганыбызды айтып отурду.

Бир убакта апамдын чемоданы эске келе калды.

— Чемодан каякка салынды? Ким салды? –дедим.

Бири-бирибизди карадык. Эч ким чемоданды салган эмес экен, таксист дагы. Ишенбей, машинаны токтоттуруп, багажын да, салон ичин да текшерип чыктык, чемодан жок. Эски аэропортто калып калыптыр.

Бир топ чакырым жолду басып коюптурбуз, артка барганда самолетко кечигип калышыбыз ыктымал. Апам шашкалактап, колундагы кичине сумкасын аңтарып кирди. Анын ичинде самолеттун билети менен акчасы бар экен.

— Чемоданга барбай эле коёлу. Билетим бар, акчам бар, кийим болсо табылат. Артка кайрылбайбыз. Жөнөй берели,- деди

— Анын үстүнө эски аэропортто бир далай киши жүрдү эле, чемодан ордунда турмак беле? Бирөө алып кетти да,- деди капаланып.

Алыска жол жүрүп, бир айга эс алганы бара жатып, кантип бир сыйра кийим менен кетет деп биз дагы кыжалат болуп, эмне кылаар айлабызды таппай турдук.

— Кайра барып көрөлү, балким чемодан ордунда тургандыр!-дедик бирөөбүз.

— Убакыт да болуп калды, самолетко жетишпей калабыз,- деди апам.

— Бир азыраак убактыбыз бар. Мен алымдын келишинче катуу айдайм. артка кайталы, — деп таксист эч кимдин уруксатына карабай эле, машинасын чечкиндүү артка буруп, болушунча катуу айдап, артка жөнөп калды.

— Кудайым ай, ишибизди оңунан чыгара көр, — деп бата кылып ийдик.

Маанайыбыз түшүп, ындыныбыз өчүп калды. Жолду ката сүйлөшпөй, ойлуу келаттык тунжурап. Чемодандын табылаарынан түңүлүп деле калдык окшойт. Бирок кайтарын-кайтып алып, андан кийин самолетко да кечигип калсак, мына ошондо тамаша болбойбу деп бир жагынан кыжалатпыз. Терезеден унчукпай, сырт жакты карап келатканым, ошондогу ич тызылдаган абалымды азыр деле сезе алам. Бак-дарактар, чоң көчө, үйлөр баш айлангыдай ылдамдык менен, артта калып жатканы менен, эски аэропортко дегеле жетпей баратканбыз.

Акыры уйгу-туйгу сезим менен көздөгөн жерибизге жете келдик. Баягы биз турган жерге жакын токтоду такси. Машина токтоору менен, эшигин биринчи ачкан киши мен болдум окшойт. Кантип атып түшкөнүмдү да билбейм.

Улам бир жерде топтошкон жүргүнчүлөр жана узатуучууларды аралап барам. Анан эле … чогулган элден обочолонуп, жол четинде күрөң чемодан туруптур жалгызсырап… Кубанганымды айтпагыла!

— Чемодан!- деген боюнча, илмийген жаным оор чемоданды кантип так көтөрүп кеткенимди билбейм. Так көтөргөн боюнча күткөн таксини көздөй учуп эле келаттым.

— Чемодан!-дедим машинанын ичиндеги апама, эжелериме сүйүнчүлөп көрсөтүп.

Таксист шарт чыгып, чемоданды колуман илип алып, багажга салды да газды басты.

…Апам шолоктоп ыйлап кирди, анын артынан эжелерим жана мен. Баарыбыз ыйлап жатабыз…

— Жоготкондо ыйлабай, табылганда ыйлайсыңарбы? — деди таксист.

— Айланайын, ак жолтой экенсиң, сени кудайым колдосун! — деди апам бышактап. Анан сумкасын ачып: —Мына, сүйүнчү!-деп акча сунду ага.

— Жок, мен албайм, алыска эс алганы бара жатыпсыз, жакшы эс алып келиңиз. Менин сүйүнчүм чемодандын табылганы болду. Анын үстүнө кошумча жол жүргөнүмө да төлөйсүңөр да, ошол жетет, — деди ал.—Чынын айтканда, мен жаралгандан жолдуумун, мени менен бараткандардын да жолу болот, — деп чын дилинен кудуңдады.

— Силер болсо, кайра барбай эле, чемодансыз кеткени жаттыңар эле. Менин сөзүмдү укканыңар жакшы болдубу? — деди ал ого бетер өзүн баатыр сезип.

— Сизге рахмат, айланайын, жолуңуз ар дайым ачык болсун! — деп аны апам алкап атты.

Ортодо таксист менен биз, жүргүнчүлөр, ортосунда ар нерсе тууралуу ачык маанайдагы сөз уланып кетти.

— Адамдардын жакшысы да, жаманы да бар. Жакшысы чемоданды ээси келет деп кайтарып турду, жаманы анын ээси унутуп кеткенин билбей калды. Ар убак жакшылыктан үмүт этиш керек, — деди жүргүнчүлөрүнүн жоготуп тапкан табериги үчүн, анын табылышына өзү салым кошкону үчүн маашырланып жаткандай.

“Манас” деген сыймыктуу аталышты алып жүргөн жаңы аэропорт мага окшогон айылдан келген окуучу кызга учу-кыйыры жок, заңгыраган имарат болуп көрүндү. Москва алдындагы кыштакка апамдын аттанып жатканы жомоктой, ал эми таксист болсо сыйкырчы кишидей туюлду.

Баргандан кийин апамдын катындагы сүрөттөөсүндө Москва алдындагы Полушкино кыштагы көк чөбү белден буралган жайлоодой жайкалган жер экен.

“Полушкино кыштагы тоосу жогу эле болбосо, биздин жайлоодой эле чөбү белден буралган керемет жер экен. Өзгөчө бул жактагы таңдын сулуулугуна сөз жетпейт. Абасы таза. Бая үйдөн тургандай эле, бул жакта да таң заарда ойгонуп алам.

Баса, эртең менен уйдун желинин майлап-сүттөп, ийитип саап жатасыңарбы? Музоосун эмизбей койбогула. Сүттү сепараторго тартаар алдында аз-маз жылытып койгонду унутпагыла, антпесеңер каймагы азыраак чыгып калат. Элдин сүтүн тартканда каймагына кол салбагыла. Үстүн марли менен жаап, таза сактагыла” деп, дагы далай насаат жазат да, аягында “Айылдагыларга салам айткыла. Силердин апаңар” деп коёт.

Андан бери Москвага, Кремлге, Зоя Космодемьянскаянын кыштагына саякат, ал жакта эс алгандардын айткандары, эс алуучулардын “алыскы Кыргызстан деген жерден келиптир, сегиз баласы бар, өзү мугалим болуп иштейт экен” деп таң калгандары, айтор ал күндөр апамдын өмүрүндөгү бактылуу ирмемдердин бири эле.

Ал күндөн бери 45 жыл өткөн экен… Аэропорттун туулган күнү десе эсиме түштү.

Айгүл Бакеева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты