​COVID-19: Вирус жуктурган медкызматкерлерге төлөнүүчү компенсация

Медицина кызматкерлери инфекция жуктуруп алган учурларда аларга компенсациялык кандай каражаттар төлөнүп берилээри тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев айтып берди.

Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал учурунда саламаттык сактоо уюмдары штаттык тартипте иштеди. Ошол эле учурда тобокелдик тобундагы кызматкерлердин бир бөлүгү – кош бойлуу жана өнөкөт оорулары бар пенсионерлер үйүнө кое берилген.

Жогоруда көрсөтүлгөн адамдарга маяна төмөнкүдөй тартипте төлөнөт:

  • — негизги иштеген жери боюнча кепилденген эмгек акы бир ставкадан ашпаган;
  • — көрсөткүчтөрдүн жана эмгекке катышуу коэффициентинин негизинде ишти баалоонун жыйынтыктары боюнча төлөө;
  • — эмгек өргүү жана убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчалары боюнча төлөө, ошондой эле негиз пайда болгондо башка кошумча төлөмдөр.

КР Эмгек кодексинин 170-беренесине ылайык, иш берүүчүгө жана кызматкерге көз каранды эмес себептер боюнча эмгек ченемдери аткарылбаган учурда кызматкерге айлык акынын үчтөн экиден кем эмес өлчөмү сакталат.

Вирус жугузган шартта төлөнүүчү каражат

  • Инфекциялык оору менен ооругандар – 1000 эсептик көрсөткүчтөн кем эмес; (КР Өкмөтүнүн чечими менен өзүнчө аныкталат);
  • Алган жаракаты, травма, контузия алгандарга ээлеген кызмат орду боюнча маянасынын 10дон 20 эселенген өлчөмүнө чейин бир жолку акчалай жөлөкпул төлөнүп берилет;

I топтогу майыптарга – ээлеген кызмат орду боюнча 10 жылдык маянасынын өлчөмүндө;

II топтогу майыптарга — ээлеген кызмат орду боюнча 8 жылдык маянасынын өлчөмүндө;

III топтогу майыптарга — ээлеген кызмат орду боюнча 5 жылдык маянасынын өлчөмүндө;

Каза болгон учурда үй-бүлөсүнө 20 жылдык эмгек маянасы төлөнүп берилет

  • Каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө эсептешүү көрсөткүчүнүн 5000 эселик өлчөмүнөн кем эмес компенсация төлөнөт (КР Өкмөтүнүн чечими менен өзүнчө аныкталат).
  • Кызматкердин толук же жарым-жартылай багуусунда турган жогоруда аталган кызматкерлердин үй-бүлө мүчөлөрү, алар үчүн жашоо каражаттарынын туруктуу булагы болуп саналган адамдардын акыркы ээлеген кызматы боюнча 20 жылдык маянасынын өлчөмүндө кошумча компенсация алышат.

Бул туураалуу саламаттык сактоо министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев айтып берди.

Кыргызстанда 4-майга карата бир сутка ичинде 9 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 инфекциясын 216 медициналык кызматкер жуктуруп алды.

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 575 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Каза болгондордун жалпы саны — 10, анын арасынан бирөө медицина кызматкери.

4-майда COVID-19 инфекциясынын жаңы 35 учуру катталып, жалпы саны 830га жетти.

Иллюстрацилык сүрөт: Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты