Бишкекте коронавирусту чет өлкөдөн жугузуп келгендер жуктурууда

  • 4 года мурун

4-майдагы маалымат боюнча, Кыргызстанда коронавируска чалдыккан 35 учур катталса, анын 25и Бишкек шаарынан чыккан. Борбордо инфекция жугузуп алгандардын арасында чет өлкөдөн келген үй-бүлө мүчөсүнөн жуктуруп алгандар арбын.

-Бишкекте 4-майга карата COVID-19 илдетке чалдыккандардын жалпы саны 231 адамды түздү. Алардын ичинен, чет өлкөдөн келген жарандар — 34, жергиликтүү жарандар — 197. Медициналык көзөмөлдөгү байланышта болгон жактардын саны – 194, — деп билдирди Бишкектин вице-мэри Татьяна Кузнецова.

17-апрелде Кыргызстанга чартердик каттам менен 1117 жүргүнчү келген, алардын баарынан ПЧР-анализдери алынган. Анкара, Стамбул, Екатеринбург, Дубайдан келген 5 жарандан коронавирус инфекциясы аныкталып, бардыгы ооруканага жаткырылганын коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова айтты.

Чет өлкөдөн келгендер экспресс-тест, ПЦР тест тапшырат, анын жыйынтыгы чыкканча 3 күн обсервацияга жаткырылат. 3 күндө анализи таза чыкса, симптомдор жок болсо алар үйүнө жөнөтүлөт.

Мына ошол чет өлкөдөн жугузгандар үй-бүлө мүчөлөрүнө да жугузуп жаткан учур аз эмес экендигин республикалык штаб билдирди.

-Бишкекте коронавируска чалдыккан 231 бейтаптын ичинен 190 адам шаардык каттоодогу дарек боюнча жашайт, 41 адамдын каттоосу башка шаарларда.

Алардын арасынан 69 киши 16 калктуу конушта турат, — деп билдирди Бишкектин вице-мэри Кузнецова.

Анын айтымында, COVID-19 вирусун жуктургандардын көбү — Ленин районунда.

Ленин районунда – 82, Октябрь районунда – 45, Биринчи май районунда – 41, Свердлов районунда – 21 киши.

4-майда бир суткада COVID-19 инфекциясынын жаңы 35 учуру катталып, жалпы саны 830га жетти.

Сүрөттө: Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова. Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты