Бириккен Араб Эмирлигинен кыргызстандык 180 жаран кайтты

  • 4 года мурун

3-майда «Манас” эл аралык аэропортунда «Fly Dubai» авиакомпаниясынын Дубай-Бишкек чартердик рейсин тосуп алышты.

Анда Кыргызстандын 180 жараны мекенине кайтты.

Коопсуздукту сактоо үчүн бардык жүргүнчүлөр аэропорттун перронунда тейленүүдө, андан соӊ алар обсервацияга жөнөтүлөт.

Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча республикалык штабы билдирди.

28-апрелде ”Манас” эл аралык аэропортунда “Урал авиакаттамдары” авиакомпаниясынын Екатеринбург-Бишкек чартердик каттамы менен 157 жүргүнчү учуп келди.

27-апрелде, Казакстан аркылуу 10 жараныбыз Ооганстандан, Кабул шаарынан кайтарылды.

26-апрелде «Fly Dubai» авиакомпаниясынын Дубай-Бишкек каттамы менен Кыргызстандын 178 жараны келген.

Сүрөт: Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты