​Нурматов: Коронавирустун жогорку чеги 20-апрелге чейин болду

Коронавирустун жогорку чеги, туу чокусу 20-апрелге чейин болду.

Бул тууралуу вирустук инфекцияларды көзөмөлдөө боюнча борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов билдирди.

-Республикада COVID-19 илдетинин эң жогорку катталган чегинин божомолу 20-24-апрель деп айтылган, бирок 11-20-апрелге чейин болду. Бул карантиндин, өзгөчө абалдын өз убагында киргизилиши, санитардык эрежелерди аткаруусу менен байланыштуу,- деди ал.

Анын айтымында. Кыргызстанда COVID-19 алгачкы учуру катталган күндөн тарта ооругандардын саны 3 бейтаптан (18-март) 795 учурга (3-май) чейин көбөйдү.

Ооругандардын эӊ көп саны катталган күндөрү 6-апрелде жана 13-апрелде болду. 6-апрелде – 69, 13-апрелде – 42 учур.

Баарынан көп Ош облусунда – 282, ал эми азы Ысык-Көл облусунда – 10 учур катталган.

Буга чейин өлкөдө коронавирус жуккандардын саны көбөйүүсүнүн туу чокусу 20-24-апрель деп божомолдонгон болчу.

Бүгүнкү, 3-майдагы, маалымат боюнча, бир суткада COVID-19 инфекциясынын 26 учуру катталып, бардык саны саны 795ке жетти

3-майдагы маалымат боюнча эки киши каза таап, жалпы саны 10 кишиге жетти.

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 564 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Сүрөт: Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты