Лейлек районунда сел жүрдү (видео)

2-майда 18:30дар чамасында алдын ала маалыматы боюнча, мөндүр аралаш катуу жааган жамгырдан улам Баткен облусунун Лейлек районунун аймагында сел жүрдү.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Райондун Тогуз-Булак айыл аймагынын Тогуз-Булак, Миң-Жыгач айылдарында, Сумбула айыл аймагынын Кара-Дөбө айылынын Катар участкасына жана Исфана шааарынын сел өтүүчү сайлардан сел жүргөн.

Исфана шаарынын Дадасиян, Восточная, Строительная көчөлөрүнүн күн чыгыш түштүк тарабынан жана Жаңы-Конуш участкасына тоолордон келген сел, арыктан ашып 10 турак үйгө жана жер төлөсүнө жана 10 турак үйдүн огород участкасына сел суулары кирген. Ошондой эле Кара-Дөбө айылынын Катар участкасынын 1 турак үйгө сел суулары кирген.

Ал жакка министрдин орун басары Равшан Рысбаев жетектеген ыкчам топ жөнөп кетти.
Алдын ала маалыматка ылайык, жабыр тарткандар же каза болгондор жок.

Сүрөт жана видео: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты