Парламент мунапыс жөнүндө мыйзам долбоорун колдоду

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңеш экинчи дүйнөлүк согуштун 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы апрель окуяларынын 10 жылдыгына карата түрмөдө отургандарга мунапыс берүү боюнча мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды.

Бул тууралуу маалымат парламенттин сайтына чыкты.

Документке президент кол коюп күчүнө кирсе, түрмөдө отургандардын айрымдары жазадан бошотулат же жазасынын өтөлө элек бөлүгү кыскартылат.

60тан ашкан эркектер жана 55 жаштан жогору курактагы аялдар, I жана II топтогу майыптар, экиден кем эмес майда балдары барлар, майып баласы бар үй-бүлөнүн жалгыз багуучусу болгон адамдар жана биринчи жолу анча оор эмес кылмыш кылып түрмөгө түшкөндөр.

Мыйзамдын авторлору буга чейин абактагыларга мунапыс жарыялоо тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынса 1200дөн ашык киши түрмөдөн чыгарын айтышкан.

Жалпысынан Кыргызстандын түрмөлөрүндө бүгүнкү күндө 9 500 ашык соттолгон адам кармалууда, алардын 300гө жакыны аял. Улгайгандардын саны 250нүн тегерегинде.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты