​Депутат Сулайманов: “Дарыгерлердин илдетке чалдыгышына өкмөт күнөөлүү”

  • 4 года мурун

Бүгүн, 30-апрелдеги, Жогорку Кеңеш жыйынында коронавирус илдетинин жайылышына бөгөт коюу максатында өлкөгө киргизилген өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал боюнча өкмөттүн маалыматы угулду.

Депутат Алтынбек Сулайманов медицина кызматкерлеринин коронавирус инфекциясына чалдыгып жатканына өкмөттү күнөөлүү деп билдирди.

-Согушка куралы жок чыккан жоокер согуша алабы? Душман кырып коет.

Ошондой эле медицина кызматкерлери да эч кандай коргоочу каражаттары жок иштешти. Натыйжада ооруга чалдыгышты.

Буга өкмөт башчы менен каржы министри күнөөлүү. Себеби былтыр саламаттык сактоо министрлиги толук каржыланбай калган. Быйыл да 497 млн сомду өз убагында берген жоксуңар. Кыскасы аталган тармак көңүл сыртында калууда, – деди депутат.

30-апрелдеги маалымат боюнча бир сутка ичинде республикада 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Анын бирөө Бишкек шаарында, дагы бирөө Ош облусунда жана Чүй облусунда — экөө.

Жалпысынан өлкөдө 195 медицина кызматкери инфекцияга чалдыкканг, алардын ичинен 105 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Кыргызстанда 30-апрелде бир суткада COVID-19га чалдыккан 17 учур катталып, жалпы саны 746га жетти.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты