​Бишкекте блокпосттор алынат

  • 4 года мурун

Баш калаада блокпосттор алына баштайт. Алардын ордуна кайгуул кызматы иштейт.

Бул тууралуу ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Жогорку Кеңеште депутат Дастан Бекешевдин суроосуна жооп берип жатып айтты.

Ал эми Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев өткөрмө кагаздары баары бир талап кылынарын эскертти. Коменданттын айтымында, бул шаардагы иштеп жаткан автоунаа санын билиш үчүн керек.

Кыргыз өкмөтү экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруу максатында 1-майдан тартып үч баскыч менен ишкана-мекемелердин ишке киришүү механизмин иштеп чыккан. Биринчи этаптан ишке кирүүчү тармактарга өндүрүш, өнөр жайы, курулуш, соода, тейлөө тармагы кирет.

Өкмөт буга байланыштуу өзгөчө абал киргизилген аймактарда блокпосттор азайтыларын билдирген.

Президент Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ат-Башы районунда 10-майга чейин өзгөчө абал режимин узарткан.

Өкмөт экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун этаптуу жол-жобосун иштеп чыгып, кайсы тармактар иштей баштай тургандыгын аныктаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты