​25 бейтап ооруканадан айыгып чыкты

  • 4 года мурун

Кыргызстанда 30-апрелге карата бир суткада 25 бейтап ооруканадан айыгып чыкты.

Атап айтсак, Бишкек шаарында – 8, Ош шаарында – 5, Ош облусу – 4, Жалал-Абад облусу – 1, Нарын облусу – 6, Ысык-Көл облусунда – 1.

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 462 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Стационарда – 276, алардын ичинен реанимацияда – 6 киши жатат.

Жалпысынан коронавирустан көз жумгандардын саны — 8 киши.

Бул маалыматтарды саламаттык сактоо министрлигинин коомдук медицина башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

30-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 чалдыккан 17 учур катталып, вирус жуктургандардын жалпы саны 746 га жетти.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты