Кытайдын Эксимбанкы менен реструктуризация боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат

  • 4 года мурун

Кыргызстан Кытайдын Эксимбанкы менен реструктуризация боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу вицепремьерминистр Эркин Асрандиев 29-апрелде брифингде билдирди.

Анын айтымында, буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын мамлекет башчысы менен карызды төлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча сүйлөшкөн.

«Анда Эксимбанктан алынган карызды реструктуризациялоо боюнча сүйлөшүү болгон. Менин билишимче, Кытай тарап өтүнүчтү кабыл алды. Эксимбанктан биздин адистерге байланышып, иш башталды» деди вице-премьер-министр.

Асрандиев башка эл аралык уюмдардан алган карызды төлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча да сүйлөшүүлөр Париж клубунун алкагында жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Кыргызстандын жалпы тышкы карызы 3,7 млрд доллар болсо, анын 1,7 миллиард долларга жакыны Кытайга туура келет. Президент Сооронбай Жээнбеков 14-апрелде Кытайдын жетекчилигине кайрылып, карызды төлөө мөөнөтүн жылдырып турууну өтүнгөнү маалымдалган.

Кыргызстан 2020-жылы 28 млрд. сом тышкы карызын төлөөгө милдеттүү.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты