​Өзбекстан күзүндө өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат чыгара баштайт

  • 4 года мурун

Өзбекстан күздөн тартып өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат чыгара баштайт.

Бул тууралуу өлкөнүн Инновациялык өнүгүү министрлигинин басма сөз катчысы Назокат Абдукундузова билдирди.

Өлкө өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратты словакиялык «Chirana» компаниясы жана орусиялык адистер менен бирге жасайт.

«Ушул тапта прототип, башкача айтканда аппараттын үлгүсү пайда болду. Тиешелүү сыноолор жана текшерүүлөр жүргүзүлгөндөн кийин өндүрүш күзүндө башталат» деди Абдукундузова.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Өпкөнү сезгендирүүчү коронавирус инфекциясына байланыштуу дүйнөдөгү башка өлкөлөр сыяктуу эле Өзбекстанда да жасалма дем алдыруучу аппратка суроо-талап кескин өстү.

Өзбекстанда коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 2000ге чукулдады, алардын жарымы сакайып, 8 адам мерт болду.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты