Жалпыга маалымдоо каражаттары 11-майдан иштей баштайт

  • 4 года мурун

Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттары 11-майдан тартып ишин баштайт.

Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев маалымат жыйынында билдирди.

Президент Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ат-Башы районунда 10-майга чейин өзгөчө абал режимин узарткан. Өкмөт экономикалык ишмердүүлүктү этап-этабы менен жандандыруу тартибин жарыялаган. Бирок ал тизмеде ЖМК жок болуп чыккан.

Вице-премьер Асрандиев ЖМК 11-майдан баштап иштей турганын билдирди.

Өкмөт экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун этаптуу жол-жобосун иштеп чыкты.

Коронавирус жайылышына байланыштуу Бишкек жана Ош шаарларынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарында өзгөчө абал 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылган.

15-апрелден тартып Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында 2020-жылдын 15-апрелинен саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 30-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты