​Бишкек мэриясы кытай ишканасынан 100 автобус алат

  • 4 года мурун

Бишкекке 100 автобус сатып алууга жарыяланган тендерди кытайлык «Xiamen king long united automative industry Co., Ltd.» компаниясы утуп алды.

Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Газ менен жүргөн автобустарды сатып алуу боюнча тендер быйыл кышта жарыяланган. Буга бюджеттен 650 млн. сом каралган. Тендердик комиссия жети ишкананын ичинен кытайлык компанияны тандап алды.

Тендерге катышкан ишканалардын бири 30-мартта комиссиянын чечимине нааразы болуп арыз жазды. Мэрия буга байланыштуу мамлекеттик сатып алуу департаментине тендердик комиссиянын ишине баа берүүнү өтүнүп кат жибергенин кабарлады.

Маалымат боюнча Бишкекке 2020-жылы чыккан автобустар алынып келет.

Бир транспортко 70тен ашык адам батат. Отургучтардын саны 26дан кем болбойт. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн да ыңгайлуу экени айтылды.

Буга чейин мэр Азиз Суракматовдун маалыматы боюнча, Бишкек мэриясы жалпы суммасы 301,9 млн сомго Yutong Кытай компаниясы тарабынан 2019-жылдын март айында чыгарылган 60 автобус сатып алган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты