Media toptoo -2020: Пандемия шартында ЖМКнын абалы кандай?

  • 4 года мурун

Бүгүн, 25-апрелде, “ Медиа топтоо 2020” үчүнчү индустриалдык форуму учур шартына ылайык, биринчи жолу онлайн-форматта ишин баштады.

Аралыктагы форумдун башталышында модератор Элина Каракулова COVID — 19 учурундагы Кыргызстандагы медианын абалы менен тааныштырды.

Медиа форумдун катышуучулары пандемия учурунда ЖМК жарнамасынын азайышын, буга чейин ЖМК аккредитациясынын болбой келгенин, ал эми акыркы убактарда айрым журналисттерге аккредитация берилгени менен ары -бери жүрүү шартынын чектелгендиги, иш режими тууралуу жана азыркы шартта кандай иштеп жаткандыгы тууралуу айтып беришти.

Алсак, 24 kg сайтынын редактору Махинур Ниязова брифингдерде маалыматтарга тактоочу суроолорго жооп алуу кыйын болуп жатканын, аккредитацияны комендатура берип, кайра алып койгонун ж.б. козгоду.

Kloop kg сайтынын редактору Бектур Искендер азыркы шартта журналисттер үчүн маалымат алуу чектелип жаткандыгын белгиледи.

Онлайн-индустриалдык форумда пандемия учурундагы креативдүү практика тууралуу эксперт, Россиянын улуттук теле радио уктуруу ассоциациясынын башкы директорунун орун басары Регина Юркина айтып берди.

Медиа топтоо” — индустриадык форумду Интерньюс Кыргызстан уюштурууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты